Чагылган: Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматы  Свердлов райондук ИИБке 28-30 жаштагы Назира аттуу келин алдоо жолу менен баламды алдап, сатып жиберген деп 1995-жылкы К.А. атуу Ысык-Көл облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча издөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышты жасаган үч аял кармалд» — деген маалымат таратты. Кылмышка шектелген аялдар:

1977-жылы туурган А.Н. аттуу жаран. Ысык-Көл облусунун тургуну. Ал баланы сатууга ортомчу болгондугу айтылууда.

1982-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран. Ысык-Көл облусунун тургуну. Ал дагы баланы сатууга ортомчу болгон.

1991-жылы туулган С.Н. атуу жаран. Чүй облусунун тургуну. Үч айлык баланы сатып алган.

Кармалгандар убактылуу тергөө жайына камалышыт. Наристе болсо соттун чечими чыкканга чейин Бишкек шаарындагы атайы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here