Чагылган: Казакстандын Костанай облусунда сот залында ажырашып жатып аялына 13 жолу бычак сайган кишиге чечим чыкты.  32 жаштагы Жуматулы Бекибаев РКнын ККнын «Мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси боюнча жоопко тартылды. Ал эми 15 жылган эркинен ажыратылат. Андан тышкары, жабырлануучу тарапка, 1 млн.100 миң теңге материалдык чыгым жана моралдык чыгымга дагы 2 млн. теңге төлөйт.

Каза болгондун жашы жетелек уулу тайларында тарбияланат. Буга чейин Бекибаев мектепте физрук болуп иштечү. Ошол себептен сот, облустук билим берүү башкармалыгына соттолгон адамды кызматка алганы үчүн, өзүнчө токтом чыгарды.

Эске салсак, 2017-жылдын 28- февралында Амангелди районундагы сот залында ажырашып жаткан Бекибаев аялына бир нече ирет бычак саыйп салган. Натыйжада , аялы ооруканага жетпей каза тапкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here