Чагылган: Нью-Йорктун борборунда унаа көпчүлүк аралап кирип кеткендеги кырсыкта жабыркагандардын саны 23 кө жетти. Бул тууралуу шаардын мэри Билл Де Блаизо билдиргендигин Reuters жазды.
Маалыматка ылайык, өтмөктө каза болгон адам- 18 жаштагы кыз болуп чыкты.
Буга чейин полициянын департаменти жабыркагандардын санын 13кө жетти деп билдирип жатышкан. Андан тышкары мэр кырсыкка күнөөкөр айдоочунун өздүгүн аныктады ал — мурунку аскер кызматкери Ричард Рохас.
Эске салсак, 18-майда Нью-Йорктун 45 көчөсү менен Бродвей көчөсүнүн кесилишинде унаа эл көп жерди аралап кеткен. Күбөлөрүн айтымында, айдоочу атайын жасаганы байкалган. Полиция муну терракт эмес деп расмий билдирди.