Чагылган: Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы Майлуу-Суудагы №30295 Кургактагы аскер бөлүгүндө келишим менен кызмат өтөп жаткан жоокер 18-май күнү этиятсыздыктан айынан каза тапканын билдирди. Маалыматта маркум жоокерди  башка жоокер автоунаа менен койдуруп кеткендиги айтылат.  Жоокер алган жарааты оор болгондуктан, Майлуу-Суудагы ооруканада көз жумган. Дагы бир маалыматта бул эки жоокер дос болгону, экөө чырдаша кетип, досун сабап өлтүрүп койгондугу айтылууда.  Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Аскер прокуратурасынын Жалал-Абад гарнизону териштирип жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here