Мечит жамаатынын сунушу менен ишке ашкан демилге аймакта бир топ кайчы пикирлерди жаратууда.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында мечит жамаатынын демилгеси менен спирт ичимдиктерин сатуу чектелген. Анда дүкөндөрдөгү жалпы баасы 26 550 сомду түзгөн сыра, арак өңдүү спирт ичимдиктери канализациялык кудукка төгүлүп, жок кылынган. Бирок айрымдар аталган демилге ичимдик ичкендердин аягы тыйбайганын айтып жатат. Мындан сырткары, сооданын солгундашына нааразы болгон дүкөнчүлөр да четтен чыгууда. Аталган айылда төрт жылдан бери дүкөн иштеткен Майрамбек Акылбеков мамлекет тыйбаган нерсени жасап ишке ашыргандарга нааразы болуп келет. «Бизди чектегени менен коңшу айылдарда ачык эле сатылууда. Каалагандар ошол жакка барып төрт-беш шишени бир алып келип алышат. Тыюу салгандан кийин, тескерисинче, мастар көбөйүп кетти. Ичкендер ичип эле жүрөт, баары бир токтото албайт экенсиң. Мындан улам айрым дүкөндөр жашырып сатууга өтө баштады. Мамлекет тыйбаган нерсени жасайбыз деп ишибизге толкоолдук жаратышты», — деди Акылбеков. Айылдагы дагы бир дүкөн ээси Айгүл Мамбетова Өрнөк айылы көл жээгинде жайгашкандыктан сезон учурунда дүкөнчүлөр негизги киреше булагын спирт ичимдиктеринен таап келгенин айтат.

«Биздин дүкөн мечиттин жанында болгондуктан арак-шарап сатпоону өз эркибиз менен эле колдогонбуз. Бир чети мага жакты, түнкүсүн келип эшик каккан мастар жок тынч отуруп калдык. Башка дүкөнчүлөр менен сүйлөшсөм, баары эле нааразы болушууда. Арак алган адам ак суу, тамеки сыяктуу нерселерди да алып соода жүрүп турчу. Эми алардын баары бир чакырым ары жактагы Чоң-Сары-Ой айылына каттап жатат. Баарына тегиз болсун десек, жок дегенде айыл өкмөт боюнча тыюу салыш керек болчу. Бул дүкөндөргө айылдыктар эле эмес, эс алууга келген коноктор да келчү», — деди соодагер.

Өрнөк айылынын башчысы Хамза Мамбеталиев бул тууралуу дүкөн ээлери арызданбаганын жана бул элдин өзүнүн чечими болгонун билдирди. Ал эми айыл имамы Муслидин Нарматов мечит жамаатына дүкөнчүлөрдүн баары макул болуп кол коюп бергенин баса белгиледи. «Айылда мурдагыдай уруш-тополоң, ызы-чуу жок тынч эле болуп калганы байкалып жатат. Биз чектегенден кийин ичкендер көбөйүп жатат дегендерге кошулбайм. Бул демилгени ишке ашырууга коңшу айылдар да аракет кылып, бирок натыйжа бербей калды», — деди Нарматов. Белгилей кетсек, Өрнөк айылында 10 дүкөн бар, жалпы 240 түтүн эл жашайт.

Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here