Мындай маалыматты ФБ баракчасына журналист Жазайым Айдакеева жазды. Азис 51 жашта эле. Бөйрөк оорусунан жабыркап жүргөндүгү айтылат.  Белгилүү болгондой, Мар Байжиев 82 жашта. Кыргыз маданиятында орду чоң, залкар инсандардын бири. Аны менен бирге 50 жылдан ашуун жашаган өмүрлүк жубайы Мухабат Рыскулбекова үй-бүлөсү тууралуу «Леди кг» гезитине буларды айтып берген.

» Экөөбүздүн ортобузда үч бала болду. Улуу кызыбыз сегиз жашында бассейнге чөгүп чарчап калганы жашообуздагы эң оор күйүт болуп калды. Андан бери бир топ жылдын жүзү болсо да кызыбыздын үнү кулагыма угулуп турат. Андан кийинки Мадина аттуу кызыбыз жана Азиз аттуу уулубуз, Кудайга шүгүр, азыр үй-бүлөлүү. Бирок атасынын жолун улантышкан жок. Эки балабыздын ысмы Мардын белгилүү чыгармаларында бар. Бир кезде эң алгач сахнада роль жаратканы үчүн азыркы Азиз Мурадилаевдин ысмын атасы Мардын пьесасындагы Азиз аттуу баланын атынан койгон

80дин секисине ашып турганда, бел туткан баласынан ажырап, кабыргасы кайышып турган Мар Ташымовичке терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here