Ар бир эле аял заты эне болуу бактысына татыгысы келет. Аял үчүн эне болуу, эркек үчүн ата болуудан ашкан бакыт барбы, бул дүйнөдө. Албетте, жок десек болот. Барыбыз эле бала деп жашайт эмеспизби. Ал эми жаш кезде күткөн жакшы досторубуз да жаш өткөнчө кымбат адамдардын бири болуп калары талашсыз. Назарке айым Казакстанда жашайт. Нурлан аттуу күйөөсү жана үч кызы бар. Жетиштүү, камдуу жашоодо жашайт. Ал эми бул айымдын  (досунун аты жазылган эмес) 30 жылдан ашуу убакыттан бери жанашып, жакшылык-жамандыгын тең бөлүшүп келаткан жакшы дос кызынын турмушта жолу болбоптур.

Ал бир канча эркектер менен жолугушуп жүргөнү менен, жашоодо жалгыз жашап көнүп калган экен. Назарке да бойдок тааныштары менен кол кармаштырууга аракет кылганы менен, андан майнап чыкпаптыр. Бир күнү ал айым Назаркеге боюнда бар экенин, бирок жигити таштап кеткенин айтат. Назарке ошондой болсо да төрөп алышына кеңеш берет. Күнү жетип, эркек төрөйт. Досу үчүн абдан кубанган Назарке бул кубанычын күйөсүнө айтат. Күйөөсү да кубанып, жалгыз бой энеден жардамын аябай турганга убада берет. Назаркенин куйөөсу Нурландын жардамына, наристе үчүн үзүлүп түшүп берип жатканына абдан сүйүнүп, «баламдын атасы» деп тамаша-чынга аралаштырып айта берет. Оюнда жаман жок Назарке бул сөзгө таарынбайт, «жардам берип жатса, атасы болот да» дегендей ойдо калат.Бирок бир күнү дос кызынын башка бирөө менен телефондон:  «Мен абдан кубанычтамын. Нурлан бизге жардам берип жатат. Ал дагы абдан кубанычта. Назарке досума да суктанам. Мен Нурланга эркек төрөп бербедимби, бирок ал Назаркеден кетип калууга даяр эмес экен» -деген сөзүн угат. Мунун баарын угуп калган Назарке чатак чыгарбайт. Өзүн сабырдуу кармап, балдары менен туугандарыныкына кетип калат. Иштин чоо-жайын түшүнгөн Нурлан аялынан кечирим сурап, үйгө келишин суранып жатыптыр. Бирок, күйөөсүнө таарынган аял эмне кыларын билбей, бул арманын айтып, кеңеш сураган. Балким, мен күйөөмө эркек төрөп бербегенимден улам, күйөөм ушул кадамга бардыбы. Анын бул кадамы туурабы? Кайгыга баткан аял ушундай суроолорду салган. Чынында мындай окуялар көп кездешет. Тагдыр тамаша эмес. Андыктан аял киши да, эркек да ар бир кадамын терең салмактап иш кылганы оң болоор.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here