Чагылган: Кытайлык Цзоу Хонгиан (Zou Hongyan)1988-жылы көптөн күткөн уулун төрөгөн. Төрөт маалындагы кыйналуудан улам бала өмүр бою шал болуп калган. Дарыгерлер менен күйөөсү айласыз калган энени баланы берип салууга көндүрүшкөн.

Аял баласына тамактандырып, дарылантуу үчүн  бир эле убакта 3 жумушта иштеген.  Ал ошону менен бирге эле баланын интеллектин жана ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүргөн.

Эне керек болсо, колдору  араң кыймылдаган баласына  таякча менен тамак жегенди үйрөткөн. «Ал качандыр бир кезде өз көйгөйлөрүнөн улам, коркуп жана басынганын каалаган жокмун», — дейт эне.

Ошондон бери 29 жыл өттү. Анын баласы Динг Динг айлана-чөйрө боюнча Пекин университетинен билим алып, жакында эле Гарварддын укуктук факультетинин студенти болду.

Азыр баатыр эненин сыймыктануусунда чек жок. Эненин мээриминен ашкан мээрим жок жана Алахтын ага жасаган мээрими болду го.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here