Чагылган: Береги тасманы көрүп олтуруп жөн эле жиниң келет. Бул сулуулар Оштогу сулуулар сынагына катышкан кыздар, жөнөкөй суроолорго жооп бере албай, жалдырып турушат. баары эмес, бирок көбүнүн көкүрөктөрү көңүдөй экени көрүнүп турат. Маселен, Чыңгыз Айтматовдун жашаган жылдарын, «Сынган кылычтын» авторун, Гапар Айтиевди ж.б. ушул сыяктууларды билбей, ооздоруна талкан салып алгандай унчугушпайт. Бул эми уят. Жакында эле Бегимай деген сулуу кыз дагы сынакта 5 миң сомдуктагы Чокморовду билбей, аны алгачкы журналист деп атап, элге уят болгон. Ошондо биз, «Бетти, төштү, жамбашты  эле карай бербей, мээге да кам көрүү керек, Чокморовду билбеген соң, чокуңуду билесиңби? » — деген аталыштагы макала жазганбыз. Ал макалада айтылган ачуу сындарды бул Оштун сулууларыда далилдеп турат.  Чын эле, жаштар үчүн сулуулук биринчи орунда эмес, билим биринчи орунда болушу зарыл. 

https://www.youtube.com/watch?v=gDB_XsJfERI&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here