Чагылган: Анжеликаны секелек кыз кезинен бери таптап чоңойткон белгилүү ырчы Айчүрөк Иманаилева Анжеликага көптөн бери нааразы болуп келет. Деги эле, эне-кыздай болгон экөөнүн ортосунда чатак маал-маалы менен уланып, кайра өчүп турат. Жаңжал ар дайым бир тараптуу боло бербейт эмеспи. Андыктан, эки тарапта тең кеп бар чыгар. Айчүрөк айым бул жолу Анжеликанын дарегине соцсет аркылуу буларды жазды:

Негедир Анжелика аша чаап кеткен жоксуңбу? Жети жашыңдан мага берди сени… тияк-бияк текшерилип баары норма болгон соң. Балдарымдын ырыскысын сени менен тең бөлүштүм. Бата менен алып кеткен соң, элге калп болбой аягына баштаган ишти чыгарайын дедим. Сахнага жүрүш- туруш, кыймыл аракет баарын үйрөттүм. Клиптериңди тарттырдым… Ырларыңды жаздырдым баарын өзүм төлөп. Биринчи концертиңди жасадым Кыргыз драм театрына. Билеттин баарын тараттым тааныш туугандарга 100 сомдон. Кассага 50 жана 70 гана калтырдык. Искуственный аншлак кылдым.

Аты сага калды. Айтайын дегеним менин “Махабат көлү” деген ырымды бир ооз сурабай кашкаңдап ырдап алганыңа жол болсун. 35 жылдык юбилейлик концертке ал ырды Аэлитага даярдап жатабыз. “Жар жарды” го устатың катары бир ооз сурап койсоң жок демек эмесмин. Репертуарыңдагы ырларды кандай кана кыйынчылыктар менен жаздыргам и баарына төлөгөм ушул убака чейин ырдап жүрөсүң. Уялсаң боло кичине ? Наглыйлыктын чеги болот деп ойлойм. Ыйык сахнаны таанытып, атыңды чыгарган… энендей болгон мага… устатыңа атаандашканыңа жол болсун. Үй-бүлөм, мага болгон кол салуулар эч качан унутулбайт Ажелика! Унчукпадым сага, теңелбедим…… канча жыл өттү. Бирок, мен ырдаган ырларды жула калбай эле койсоң болмок. Адамча бир ооз сурап койсоң болот беле?. Кимдерге ишенип мага мындай мамиле кылып жатасың? Молодость пройдет Анжелика…. а позор өмүр бою кала берет. Иии пожалуйста… научись петь!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here