Чагылган: Абдылдаева Гульнара секелек кезинде ар бир кыздардай эле кыялданып, болочок күйөөсүнүн таттуу сөздөрүнө ишенип турмушка чыккан. Ойлогону тескерисинен чыгып турмуш курган күндөн баштап көзүнүн жашы кургай элек. Жолдошу алдамчылык менен адамдардан акча алып жашачу экен, 3 — баласынан кийин алдамчылыктын артынан түрмөгө отургузулат. Сүйүүнүн көзү көр дегендей күйөөсүнүн кылыгына ишенбей ал түрмөдө отурган кезинде кайын – журту жардам бербей койгондуктан төркүнүнөн акча алып күйөөсүнүн карыздарынан кутулуп, 3 баласы менен иштеп балдарын багат. Түрмөдөн чыккан күйөөсү адал оокат кылып үй бүлө баккандын ордуна мурдагы ишин кайра улантат да алдамчылык менен экинчи жолу темир тор аркасында калат. Ал учурда 5 баланын энеси болгон бул айым балдарын жалгыз иштеп багат, жолдошунун карыздарынан кутулат.

Экинчи жолу түрмөдөн чыгып таш боор жолдошу акча керек деп акча үчүн 5чи кенже баласын сатып акча кылууну көздөйт, үйү жок аргасыздан токойдо, ээн талаада жашап тамак жок кезде жүгөрү бышырып эптеп балдарынын курсагын тойгузуп жашап жүргөн эне албетте акча үчүн баласын саткысы келбей күйөөсүнүн мажбурлоосу менен аргасыздан сатууга макул болот калган 4 баласын багып кетүү үчүн. Жер бетинде эненин мээриминдей кенен мээрим эч бир затта жок экен ойлонуп баласын сатуудан баш тартып, күйөөсү менен ажырашып азыркы учурда 5 баланы жалгыз багууда.

Жолдошу үчүнчү жолу камалып азыркы учурда түрмөдө. Өздөрүнүн тамы жок, бирөөнүн жер тамында жашашат, беш баласы менен иштей албай квартирага 2000 сом таба албай элге ыйлап-сыздап кайрылып жаткан жери…

Ким бул муслима эжебиздин оор абалына кайдыгер карабаса: 0707932049

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here