18.05.2017.Чагылган:Тажикстанда коррупцияга каршы органдын улук тергөөчүсү Фирдавс Ниезбадаловдун  үйүнөн,  мүшөктөгөн акча, алтын, кымбат баалуу таштар жана 6 Джип унаасы катылган бункер табылды. Бул тууралуу «Ахбор» басылмасы жазып чыкты.

Белгиленгендей, жашыруун бункер 16-майда Бустон шаарында Ниезбадаловдун ата-энесинин үйүн тинткенде чыккан.

Маалыматка ылайык, Ниезбадалов Улуттук коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Амиркул Азимовдун күйөө баласы. Анын атасы Абдугаффор Ниезбадалов, Согду облустук прокурорунун мурунку орун басары. Атасынын Айни көчөсүндө жайгашкан заңгыраган көпөс үйү (особняк) менен катар 6 үйү, жер төлөөдө гаражы бар.  Тинтүү иштерин УКМКнын кызматкерлери жүргүзгөн.

Күбөлөрдүн айтымында, атасы байкалбай кала турган бункерди өзү көргөзүп берген. Анын үйүн тегеректеп турган күбөлөр бункерден мүшөктөп алтын, баалуу таш, доллар жана 6 ДЖип  унаасын  алып чыгып кетишкендерин көрүшкөн.

Ал эми, Фирдавс Ниезбадаловдун энеси тергөөчүлөрди киргизбей аябай тоскоол болгон жана өзүн өрттөйм деп да коркутуп чыккан.

Энеси, бул табылган баласыныкы эмес, өздөрүнүкү экенин айткан. Тергөөчүлөр «мамлекеттик айлыкта отурган адам кантип ушунча байлык топтомок эле?» — деп чыгып кетишкен.   Мурда, агасынын үйүн тинткенде да, бир топ мүлк чыккан. Муну Фирдавс агасыныкы экенин айтып кутулган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here