Сhagylgan:.Жезказган шаарынын тургуну Жанболот Оспанов шаардык соттун имаратынан өзүнө бычак сайды. Ал соттун чечими менен макул эместигин билдирди жана «Казахмыс» корпорациясынан куулганын мыйзамсыз дейт.

Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун Караганда обулстук соту чечимди анын пайдасына чечкен эмес. Ал Жезказган шаардык сотунун жетекчиси менен жолугууга аракет кылып атып, полициянын көүзнчө өзүн ичке сайган.

Жезказган шаардык ооруканасынан билдиргендей, учурда ага операция жасалып, абалы туруктуу.

28 жаштагы Оспанов бул кылыгын ачууга алдырып жасап алганын айтты. Ал «Казахмыс» корпорациясына слесар-оңдоочу болуп кирип, кийин рудникте машинист болгон. Бирок, жумуш учурунда келбегендиги үчүн чыгарып коюшкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here