Ырчы Динара Акулованын кызы Малика Дина  Дубайдан учуп келип, «Манас» аэропортунан кармалды. Бул тууралуу жеке булактарга таянган ММКлар жазып чыкты.

Буга чейин, шаардын тургунан Аламүдүн РИИБне Малика Дина машинасын алып, акчасын толук төлөбөй качып жүргөндүгүн айтып, арыз жазган. Анын негизинде ырчы кызга издөө  жарыяланган.

16-май түнү Бишкекке учуп келген Малика Динаны укук коргоо органдары кармашкан. Бирок, ал өзүн жаман сезгендиктен суракка эмес, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ырчы Д.Акулова жалган экендигин айтса, Чүй ИИБи аталган факттыны  тастыктагандыгы булактарда жазылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here