Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Жоогазын” бала бакчасында төрт жашар баланын сабалганы тууралуу маалымат териштирилүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 16-майда Мария аттуу келин баласын тарбиячы сабаганын айтып милицияга кайрылган. Ал эми тергөөдө тарбиячы бала өзү чалынып, паласка сүрүлгөнүн айткан. Окуя боюнча соттук экспертиза дайындалган, тарбиячынын аракетине анын корутундусуна ылайык баа берилет.

Ал эми аталган бала бакча өз ара кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түздү.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here