Таң калычтуу, бирок факт – кадимки өбүшүү жагымдуу гана эмес, ден соолукка да ченемсиз пайдалуу.
Анчалык ишенүүгө болбой тургандай көрүнгөнү менен, окумуштуулардын пикиринде, узакка созулган жана өтө кумарданткан өбүшүү ыктытуудан арылтат.
Эгерде күнүңүз чыңалуу менен өтсө, үйдүн босогосун аттаар замат жубайыңызды бекем кучактап өбүшүңүз. Стресс дароо жоголот!
Аллергиядан жабыркайсызбы? Жарым сааттык ысык өбүшүү бул оорунун белгилерин түп орду менен жок кылат деп айтып жүрүшөт. Текшерип көрүүгө эмнеге болбосун?

Арыктап жаткандарга эскертме! Өбүшүү учурунда 1 мүнөттө 26 калорий жок болот. Андыктан канчалык көп өбүшсөңүз, кыялыңыздагы дене-бойго ошончолук тез жакындоого мүмкүнчүлүк бар.
Ошондой эле статистика күбөлөндүргөндөй, маал маалы менен өбүшүп турган жуптар, мындай эркелетүүнү баалабагандарга салыштырмалуу азыраак урушушат.
Эң негизгиси, эгерде сизге өзүңүздүн мырза менен өбүшүү жакса, ал сиздин балдарыңыз үчүн эң сонун ата болуп берет, анткени гормондор деңгээлинде силер бири бириңерге толугу менен төп келесиңер.
turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here