Чагылган:Мына ушундай маалыматты өздүк булактар айтууда. Эки-үч кун мурун айтылуу «Шоро» компаниясынынын борбордук кеңсесине белгисиз адамдар имараттын чатыран киришип, сейфте турган 6 млн. сомдун тегерегиндеги сомду алып кетишкени айтылууда. Сейф талкаланбай эле, ачылып калган дешет. Бул боюнча азыр териштирүү иштери жүрүп жатыптыр. Аталган компаниянын жетекчилиги бул кылмыш иши боюнча коомчулукка билдирүү тарата элек.