Сокулук районунда «Субару Форестер» үлгүсүндөгү автоунаа 30-35 жаштагы аялды сүзүп кетти. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгондугун Чүй ОИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 17-майда Сокулук РИИБдин мөөнөт бөлүмүнө Бишкек—Күнтуу унаа жолунун аймагында аялды автоунаа сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Субару Форестер» (мамномур Е 0523 D) автоунаасынын айдоочусу жабырлануучуга биринчи медициналык жардамды көрсөтпөй, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Оперативдүү иликтөө тобу авто кырсык болжол менен саат 01:30 чамасында болгондугун жана «Субару Форестердин» айдоочусу Күнтуу айылынын 24 жаштагы И.И. экендигин аныкташты. Анын атасы милиция кызматкерлерине аталган автоунааны берди.
Азыркы тапта унаа Шопоков шаарындагы айып пул төлөөчү жайга токтотулду. Ал эми, шектүүнүн кайда жүргөндүгү азырынча тактала элек.
Аялдын денеси Сокулук райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилди.
Бул окуяга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

turmush булагы.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here