ДОСУМА КАТ

Ш. Дүйшеевге

 Кармашта кол башчыга, ханга айланып,     

кара жаан жерге түшпөй карга айланып,

кынына кылыч кирбес жоокерим,

күтүүсүз кучак жайган жанга айланып,

боорунан таш алдырган боорукерим.

 

Атанын, эненин да мээрин көрбөй,

баладай эркелебей чала бойдон.

Жаандан үмүт үзбөй жаткан чөлдөй,

жетимиш жеткичекти бала бойдон.

 

Маңдайлаш чыга калып сыйлашканда

шаарыңды төркү үйүңдөй тебелеген,

Теңирдин берген күчү туйлатканда

тентеги ашып түшөөр небереңен.

 

Береним жетим өскөн, эркин өскөн,

береним сууну кечкен, өрттү кечкен,

буюккан тоо бүркүттөй бура тартып,

Нарынга батпай калып Бишкек көчкөн.

 

Атагың асман-жерди дүңгүрөткөн,

аймакты жарып өткөн чагылгансың,

кыйырың чеги чексиз бүлбүл эткен,

тулпарым, шумкарымсың, табылгамсың.

 

Калтырбай ой кербенин кечээ күнгө

поюздай болот жолун шарактатып,

жетем деп сенин түпкү өзөгүңө

батмандап миңмиллион барак жаздым.

 

Кыдырып гүл бакчаңды, өрөөнүңдү

себеп көп кубанууга, сүйүнүүгө,

таптым мен сенин түпкү тереңиңди,

көз жетпей койду бирок бийигиңе.

 

Кыдырдым кең таалааңды, кычыгыңды,

кыдырдым деңизиңди, кысыгыңды,

лабиринттей туптунук муздарыңды,

лавалардай батташкан ысыгыңды.

 

…Кычыраган кышымсың, бороонумсуң,

береримсиң, алаарым, тоноорумсуң,

бирде байкуш жер биттей жер менен жер,

бирде бийик тактыда королумсуң.

 Асман-жерге батпаган шамалымсың,

арга кетсе жол табаар амалымсың,

береринде берешен бапыраган,

алаарында кысылган сараңымсың.

 Өлбөстүккө таштаган алп арышың,

ырлар менен узарткан тирүү чегин,

башым ийип байке дээр залкарымсың,

он жаш улуу өзүмөн… иничегим.

 

Жаркылдаган жан бирге жаз айымсың,

кирген суудай оонаган жапайымсың,

жагылганда жалындап кошо өрттөнүп,

жаңылганда жегизээр сазайымсың.

 

Алдыдасың, ортодо, катарымсың,

январым, февраль – баш айымсың,

арыласаң алп акын Пушкинимсиң,

берилесең Байдылда, Атайымсың

     БИЗДИН БЕКЖАН

 Кой батпай короосуна,

дан батпай ороосуна,

булкунтуп бука байлап,

жулкунтуп жылкы байлап,

эрте-кеч намыс кылбай

кык чыгарып, чөп салгандан,

айдалбас аңызга калбай

картошка сээп гектарлаган,

мал айдап түмөндөгөн,

барпайган бак сугарып,

түктүйгөн чөп сугарып,

түйшүккө түгөй болуп түгөнбөгөн,

бүкүлү кийим менен уктап-туруп,

жыл бою бели бошоп чечилбеген,

бир жылы шаарыңа,

бир жылы айылыңа

үй салып метрлеген…

 Баладай салактатып таш көтөргөн,

чатышкан тармал чачтуу көкүл менен

алтынга бергис ишкер баш көтөргөн.

 

Жумушуңдун агыбы, карасыбы

жапшыра кармап бирден жайлап турган,

кайкайта кийип миздүү кара шымды,

кайрат деген кылычын кайрап турган,

кандай кызмат бербегин тыным билбес,

көк пиязды жашыткан көк жаны бар,

бул дүйнөгө туулуп эки келбес,

биз тараптын кадырлуу Бекжаны бар.

 

– Районго чоң керек – деп – жеп-ичпеген! –

Көгүчкөндөй кайкышып жем издеген,

өйдөөмөн киши издеп чапкылашып,

көрүнгөн партиянын дарбазасын:

– Баланча барбы? – дешип каккылашып,

жүгүрүп жүрүшкөндөр Бекжанды эстеп

Орто-Алыштын талаасына келишкенде,

бел курчоого чейин дөөдөй чечинип,

кудум Бекжан даяр өңдүү эңишкенге,

ак мүшөктү калжамулжа бүктөшүп,

жаткан экен картөшкөсүн жүктөшүп

 

– Коё тур – деп көзү күлүп тирилип,

Чоң—Кеминдин чоң  суусуна киринип,

“москвичке” салып жүргөн эртекеч

тойго деген костюм-шымын кийинип,

жүрүп кеткен калың бактуу борборго,

күтүп жаткан көз айнекчен чоңдорго…

 

Кызмат эмне?

Үйлөп койсоң учуп кетээр каакым да,

Буга чейин Бекжан акең иштеген

баш катчы да, жөн катчы да, аким да…

 

Күркүрөп тоо суусундай күчөп чамдап,

жайласа жайык жерде жайлагандай,

бийлигиңдин рулун бекем кармап,

“москвичин”, “мерседесин” айдагандай,

өкүртүп газды басып аңылдатып,

өчөйүп артта калган районуңду

башкарып кирди Бекең заңылдатып

 

Чоң болдум деп бошотпой короосун бүт,

баштагыдай булкунтуп бука байлап,

баштагыдай жулкунтуп жылкы байлап,

кою төлдөп короодо козу маарап,

бошой калса бошогон чолоосун бүт

мал-жанына, картөшкө, багына арнап,

арыгын ардактап чаап күн сугарып,

күндүзү кол тийбесе түн сугарып,

баштагыдай чөп салып, кык чыгарып,

ак кызматта уюган көк денеден

керилип кетменин чаап бук чыгарып,

бүтпөгөн тамын улап бетон куюп,

карышкан кара терин бүт чыгарып,

көңүл жер көрсө башын катып албай,

качырып аласын да, карасын да,

чоңмун деп мурдун чүйрүп жатып албай,

чокчолой далай чоңго үлгү болду

карапайым калкынын арасында.

 

Өз милдетин аткарып чабуулда да,

өз милдетин аткарып бекем тылдай,

өз короодон мал союп каруу барда,

өкмөткө кенедей залал кылбай,

кара жанын карч уруп күндөптүндөп,

жатканында районду алга сүйрөп,

булут басып бийликтин төр жагынан,

ызгаар уруп бийликтин бер жагынан,

“Аның андай!” – дешти да, куюндатып,

Бекжанымды түшүрдү акимдиктен

бир топ чоңдор алышкан уюмдашып

 

Макул – деди Бекжаным чычалабай,

“туура эмес!” деп туш-тушка маек курбай,

жер тепкилеп “кетпейм!” деп пикет кылбай,

митингге эл жыйып уюштурбай.

 

Азбы-көппү иштеген үстөлүнөн

үңкүйбөстөн жаркылдап турду дагы,

айланага көңүлүн бурду дагы,

“ыракмат!” деп олтурган үстөлүнө,

ыракматка толтуруп үйдү дагы,

галстугун, костюмун дароо чечип,

шкафтагы эскисин кийди дагы,

“ыракмат!” деп иштешкен жамаатына,

оозуна албай бир дагы бөлөк кепти,

картөшкөсү казылган талаасына

теришкени шашылыш жөнөп кетти

    

КЕҢЕШ

Конькини жаңы тепкен жаш баладай

ийреңдеп ийри-муйру из калтырып,

кылтылдап жыгылчудай карманалбай,

жаз-жайды жашыл бойдон бүт калтырып,

кеч күздө бышпай калган алмалардай

ырыңдын жайын сурап турган кезиң

бирикпей, бир мааниге айланалбай,

жупташпай,  жуурулушпай жугуму жок

тим гана тизип салган тамгалардай,

жеталбай жетем деген мерчемине,

өсө албай өсөм деген өлчөмүнө,

калганын сураптырсың,

айтаарым бу:

сен канча ыр жазам деп азаптанба,

турмуштун чын азабын тартпай туруп,

ыр жазуу азабыраак азаптан да.

 

Жонуңан кайыш тилип камчылашып

баштаса бет келишип жанчышмайын,

турмуштун тоң жеринде салгылашып,

мурдуўан кара кочкул кан чыкмайын,

жылуудан, жумшагыңан чыга качып,

катуунун калтегинен кагылмайын,

бороондо, ызгаарыңда жылаңайлак

ой-тоодон арга издеп ак урмайын,

азапка, тозокко да туш келгенде

турмуштун чын маанисин толгой кармап,

жакшыны, жаманды да бүт жеңгенде

жыргалдуу жылдарыңан жылып келип,

азаптуу кездериңен агып келип,

өкүттүү өзөгүңдү жарып келип,

сызылып чыгат ырлар жүлүнүңөн,

жан үрөп какшап турган тилегиңен,

чыныгы чыгат ырлар атырылып

мыкчылып муң көтөргөн жүрөгүңөн!

 

Албетте сүйүүнү да унутпагын,

аралап ай-жылдызын, булуттарын,

сулууну соолугуча сүйүп калгын,

сулуу үчүн күл болгуча күйүп-жангын,

сүйүүгө Мажнун бол,

башың жогот,

жетсең жет, жетпей калсаң арга канча,

көзүңө кан аралаш жашың толот,

түбөлүк чын сүйүүнүн муңун айткан

жүрөккө чын сүйүүнүн ыры конот.

Шарт ушу: дос да күткүн,

кас да күткүн,

оңколоп отко түшкүн, сууга түшкүн,

турмуштун айланыштуу азабын тарт,

турмушта өзүң куугун, өзүң качкын,

жашоодо өзүң туткун, өзүң баскын,

тагдырдын тоңу ээрисе тумчуктурган

бийлиги колго тийет жаркын жаздын,

көңүлдүн көктөп чыгат жашаң чөбү,

башталат жүрөгүңдө жазгы ташкын…

Турмуштун сыноосунан өткөнүң ал:

акыным акын болсоң анан жазгын!

* * *

Бери кара, оо досум, бери кара.

Башка салса баарына көнөт адам.

Муз үстүндө тарбайып тамыр жайып,

ак мамыкта калжайып өлөт адам.

Суу үстүндө дардайып чөкпөй калкып,

кара жерге «күр-р» этип чөгөт адам.

 

Анын баарын айла жок ойлобоско,

ойдун артын арга жок улабаска.

Аксаң эгер айлаң жок сойлобоско,

жаасаң эгер айлаң жок кулабаска.

 

Адам гана тик басат чынын айтсак,

жан бүткөндүн бардыгы төрт аяктайт.

Адам гана жыргалын эрте баштап,

адам гана азабын кеч аяктайт…

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here