—      Мар Ташимович,    Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын төрагасы Джанни Букиккио БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугушууда Кыргызстан демократиялык шайлоолор тутумун камсыздоо жана жаңы шайлоо технологияларын киргизүүдө көп иш жасагандыктан, Венеция комиссиясы көп нерсе сунуштай албай турганын билдирди. Муну менен Кыргызстандагы таза шайлоолорго Венеция комиссиясы да ынанып жатат деп түшүнсөк болобу?

—          Биометрикалык система деген жакшы ыкма экен. Мурдагыдай добуш берүүлөрдү бурмалоого чек коюлгансыды. Ошентсе да, капчыктуу саясатчылардын добуштарды сатып алуусу токтой элек. Мен негизи мамлекеттик башкарууга Курултай системасын киргизүүнүн жактоочусумун. Жакында эле президенттин бул боюнча жакшы пикирин угуп калдым. Ата-бабалар колдонгон курултайга өтсөк гана оңолобуз.

—          Ушул жылдын күз айларында президенттик шайлоо өтөт. Ушул шайлоону канткенде таза өткөрүп алабыз?

—          Таза шайлоого шайлоочулар да салымын кошушу керек. Болбогон акчага 6 жылдык тагдырын сатып жатпайбы. Элибиз минте берсе кайдан өнүкмөк элек? Добуш сатып алгандарды, добушун саткандарды да жазалай турган мыйзам иштеп чыгышыбыз керек. Ошондо таза шайлоого жол ачылат эле. Болбосо акчалуулардын баары эле бийликке кетип каалаганын кылып жатпайбы.

Булак: Багыт

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here