Жасап-жаскабай айтайын, аз күн мурун мурун жанымды берчү досумду жерге берип, кара ашынын тамагынан жебейм деп, Ахунбайдын жип маши насына  түшүп автовокзалга келип, ал жерден Канттагы үйүмө кеттим. Ахунбай Кошоев дагы досунун кара ашынан жегиси келбеген экен, ырас мени вокзалга чейин жеткирип, колума баштык карматып, ичине мен ала кетчү чай, тузду наны менен  менден акчы чыгартпай сатып берип салып жатпайбы. Өзү рулда, мага жүз грамм куюп берип, анан айтты: «Баке, эми Бөкөнбайдай досту таппайбыз, мындай адамдын жаралышы да кыйын, ушул замандын «аккаргасы» болчу, жаткан жери жайлуу болсун!» дегенден арбын айтып, мени алдырып узатып койду… Ал Бөкөнбай экөөбүздүн кыйбас достордон экенибизди билчү… Үйгө келип, инсульт алган аялым экөөбүз Бөкөмдү жоктоп, ал бышактап, менин көзүмөн жаш кетип турду… Мен Бөкөнбайдын өлүмүнө ыйлаган жокмун, мен андан айрылып калганыма ыйладым…

Мурунку күнү Бөкөнбайдыкына, Анарага баргам. Анара Бөкөнбайдын экинчи аялы. Экөө көп жашады, Анара төрөгөн жок. Бирок, анын мурунку күйөөсүнөн бир кызы бар, аты Махабат. Ал кыз ырасы болуп жакшы чыкты, эки балалуу, бизнесин жасайт… Анар экөөбүз, Бөкөнбайдын иниси Жарашбек, Бөкөмбайдын балдары Бакир, Марат  болуп  эс-учу жок ооруканада жаткан Бөкөбайдын абалын  сүйлөштүк, жаман бүтөр окуяны да айттык…

Анара менен Бөкөмбай 26 жыл жашады. Бир караганда карапайым үй-бүлө болуп жашады, урушуп кайра табышкан күндөрү, бир нерсе жасамай болуп кеүешкен күндөрү, бир жакка мейманга барган күндөрү… баары-баары болду,  кадимки эле бүлөнүн күнүн кечиришти. Бирок, бул бүлөдө бир башкача абал болор эле, башкача абалды пайда кылып турган Бөкөнбай болчу. Анара Бөкөнбайдын бар кыялына чыдап берди!

Бөкөнбай Боркеев экөөбүз 1981-жылы бет келе таанышканбыз. Мен ал жөнүндө угуп жүрчүмүн, ал менден эки жаш улуу эле. Ошентип, экөөбүз таанышып, анан эле Бөкөнбайдын акыркы күнүнө чейин ажырашкан жокпуз. Коюн-колтук алышып, бири-бирибизди ашкере сагынып, кезигүүнү самап, бири-бирибизди мейманга бат-баттан чакырып… ж.б. жасаган жокпуз. Кээси менен айлап кабарлашпай калчубуз. Бирок, экөөбүздү бириктирген, экөөбүз теү билбеген, башкара албаган  бир нерсе бар болчу: бири-бирибизге саймедиреп айтпаган чоү сый, күйүмдүүлүк бар эле. Бөкөнбайдын кыялы эч бир адамда жоктой эле: бир кылыгы адамды эритип, ушунчалык ыраазы кылып кылар айлаңды таптырбай эритип салса, экинчи бир кылыгы ошол жерде эле баса калып күм-жам кылып таштачу ниетти алып келчү. Ошол кылыктарын ал пландалгандай жасачу эмес, баары өзүнөн өзү кетчү, өзүнүн бул кылыгы кай жерге алып барып таштайт дегенди Бөкөнбай ойлончу эмес, дили эмнени каалайт ошону жасачу. Дили эмнени кааласа ошону жасай берген жосун жакшы жерге алып барбайт! Ал бирөөнүн өзүнө жакпаган сөзүн укканда, кылыгын көргөндө, ойлонуп олтурчу эмес, чагылгандай тийчү. Ошол неме министирби же башкабы карамай жок, анын иттигин тике карап айтып турат да. Мына, мен кыркы жылдан ашуун журналисттик кесипте жүрөм, аздыр-көптүр көркөм чыгарма жазган болуп, жазуучу деген да атым бар. Мына ушул кесибиме байланыштуу Кыргызстанды жакшы эле кыдырдым, жүздөгөн адамдар менен тааныштым, кээ бири менен жакшы мамиледе болдум, кыскартсам, түрдүү мүнөзү бар адамдарды билем дегенди айттым. Мына ошолордун ичинен Бөкөнбайдын мүнөзүндөй бир дагы адамды жолуктурбадым, бир кыялы окшосо, экинчи кыялы окшобойт дегендей. Бөкөнбайдын сезиминде «меники» деген маани жок болчу, ошонун аркасына бир нерсе алайын-жулайын дегенди билбей кетти. Жулунуп-улунган адамдарды жек көрөр эле. Анара айтчу: «Элдин күйөөлөрү үйгө ташыса, Бөкөнбай үйдөгүнү сыртка ташыйт» деп.

Бир ирет кайсы бир көрсөтүүнү тартам деп үйүнөн килем алып кетет, жасалгалайт элем деп. Ошону менен килеми жок болду, качан алып келесиң килемди деп Анара кулак мээсин алат, тиги болсо «эртең» дейт. Ошону менен килейген килемди «эртең» деген куру сөз менен кошо жок кылды. Бирөөлөргө бир нерсесин кармата берип кайтара албаган күндөрү көп болду. Мен күнү бүгүнкүгө чейин таң кала берем, Бөкөнбай ким жардам сураса, колдон келген жардамын бере берчү, мейли ал жакшы адамбы, мейли жаманбы, ага баары бир эле, ага маанилүүсү- жардам бериш керек!

Маселен, канча адамдардын, анын ичинде обончулардын китебин жазды. Басмада иштеп жүргөндө канчалаган китепти оңдоп-түздөдү. Ал эзилип олтурчу эмес, баарын шарт бүтүрчү. Кызыгыү кур, анын мээси да бир өзгөчө эле…Ошол бирөөлөргө жазып берген китептерден  алган акысы жок.

Бөкөнбайды узатып жатканда Маданият жана маалымат министри Түгөлбай Казаков: «Жетимишинчи жылдары обончу-композиторлордун өзүнчө бир мыкты мектеби пайда болду, Бөкөнбай ошол мектептин деректири болчу» деп сонун айтты го. Ошол мектепте Рысбай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев, Аксуубай Атабаев, Сардарбек Жумалиев, Мукан Рыскулбеков, Зайнидин Иманалиев, Түгөлбай Казаков, Асан Керимбаев, Жеңишбек Шамшиев, Темиров, Токон Эшбаев, Эсенбек Мааданбековдор бар эле.  Мына ушулардын чыгармачылыгын жазды, аларды чыгармачылыкка күүлөп турду. Аларга арнап «Ырга айланган өмүр» деген китебин да чыгарды. Обончулардын көбү менен мени тааныштырды.  Булардын дүйнөсү, эми бир укмуш да!

Бөкөнбай ишке аябай так эле, жумуштан кечикпейт, бүтүрөр ишин дароо бүтүрөт, бир нерсе аткарса, мындан эмне пайда болот дегенди ойлоп да койбойт. Дагы айтайынчы бир нерсе жасаса, же бир кылык кылса, «эртең мунун жыйынтыгы кандай болот, башыма тийген балээ болбойбу» дегенден ныпым ойлочу эмес. Жалаүңгана өзүнө пайдасы жок учур чак менен жашады. Анан да анын үйүнөн киши өксүчү эмес, дайыма бирөөнү багып жаткан болот да, бекер эле, кайтарымы жок эле…

Манасыбызга чын дилден күйгөн Бөкөнбайдан өткөн адам болбос. «Манастан аянба, калайык!» дегенди баштап, «Манастын 1000 жылдыгына» карата калайык калктан каражат чогултту, Кыргызстанды түрө кыдырды. Мен дагы бир катар ошондой ишти алып бардым эле, алчу анча-мынча процентимди бербей  коюп ортого төктү да «эл үчүн иштедим деп кой» деп, мени өзүнө теңеп турду… Бөкөнбай Рысбай акени аябай жакшы көрчү. Ага арнап Рысбайдын аялы Давлет жеңенин атынан килейген роман жазды, кийин алты томдук чыгарды!

Кетерине жакын өмүр бою кез-кези менен таштап коюп, кайра баштап алчу арагын таштап, бир кызыл курт жеп жүрдү. «Ушуну жегенден баштап жакшы уктайм, бөйрөгүм да оорубай калды, кан басымы да жакшы» дегенден арбын айтып, таү заардан туруп алып Ботбакка чейин басып, анан келип итине тамак берип, тоокторуна жем чачып, короосунан ар нерсе кылып  кыймылдап турчу. Керээли кечке телевизор көрүп, китеп окуп диванга жаткан мага Бөкөмдүн активдүүлүгү таң калтырчу.

Бөкөмбай төрт балалуу болду. Уулдары Бакир, Марат, кыздары Айгүл, Назгүл, баары үй -жайлуу, бала-чакалуу. Бакир КТРКнын белдүү режиссерлорунан болот. Аларды төрөп берген, өстүрүп берген Аккүл да түшүнүгү арткан жакшы адам. Бөкөнбай улуу Бакирдин үйүнөн узады.

Бөкөм дагы бир аз жашаса болмок, эртерээк кетип калды. Ал бу турмушта каалаганын айтып, каалаганын кылып жашады. Баарыбызды бир калыпка салган комзаманда да, ар кимибиз ар кайсы жакка баскан шум заманда да ал өзүнүн- Бөкөнбайдын  жолу менен гана басты. «Бабанов президенттикке жарайт, мен аны колдойм, иштеп да берем» деп жүргөн. Тилеги сөзү менен өзүндө калды…

Бөкө, жаткан жериү жайлуу, топурагың торко болсун! Мени таштап кете бердиң. Мен да сени көп күттүрбөй,  артыңан бат эле барармын… Кош бол жан досум! Азырынча ушинте турайын…

Автор: Баратбай Аракеев

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here