Чагылган: Жайыл районунун Тепши капчыгайында табылган кыздын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 8-май күнү саат 12:30 чамасында Жайыл районунун Тепши капчыгайында белгисиз кыздын жансыз денеси табылган.

«Маркум 1991-жылы туулган С.М. экени аныкталды. Ал кылмышка шектүү менен жакшы тааныш болгон. 2016-жылы ноябрь айында экөө уруша кетип, шектүү С.Мны өлтүрүп, талаага көмүп койгон. Андан соң маркумдун туугандарына келип, чет өлкөгө иштегени кеткенин айткан. Мындан улам маркумдун жакындары аны издешкен эмес», — деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 25 жаштагы А.У. кармалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here