Чагылган: Бүгүн сайтка: “ Айыл чарба  министринин жерин, имаратын менчиктеп алышкан “коррупционерлер” эмнеге жоопко тартылбайт?! Министр Мурашев  эмнеге үн катпайт?” – деген аталыштагы көлөмү чоң коррупциялык схеманын жүзүн ачкан макала жарыяланган.

Камчыбеков судья.

Ал макалада учурда Жогорку Соттун судьясы болуп жыл башынан бери иштеп жаткан Шералы Камчыбековдун атасы Камчыбеков Равшанбек Бакиевдин маалында Суу чарба депутартаментин башкарып турганда, ага караштуу  Меларитвидик гидрогелогиялык экспедиция ишканасынын короосундагы скалддарды, АТСтин имаратын мыйзамсыз менчиктеп алган. Анан да башкармалыктын балансындагы экспедицияны Аламүдүн райондук суу чара башкармалыгына кошуу (кошуп туруп талкалоону максат кылган дешет) үчүн өз билип, № 159 буйрукту чыгарган.

Ошол буйруктун аркасы менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашыргандыгы айтылат. Камчыбеков кызматтан кеткенден кийин, анын ордуна азыр ЖКда депутат болуп олтурган Зиядин Жамалдинов дайындалган. Бул маселе боюнча Жамалдинов биздин сайтка буларды билдирди:

Мен Суу чарба департаментин 1 жыл эле жетектедим. Андан бери көп убакыт өтүп кетти. Камчыбековдун мыйзамсыз иштерин толук билбейм. Бирок сиз айтып жаткан Камчыбековдун №159 буйругун мен жокко чыгарганым эсимде. Себеби, туура эмес буйрук болгон. Ошондой эле Камчыбеков департаментке караштуу гидрогеологиялык экспедициясынын жанындагы АТСтин имаратын менчиктеп, үй кылып алыптыр. Азыр деле турат ал үй. Ал ишкананын экспедициянын имаратынын 2 кабатын да болбогон маселе менен жеке колго өтүп кетип, соттоушуп жүрүштү.

Депутат Жамалдинов бул чулгандуу иштин клаганын толук билбестигин айтты. Бул маселеде Айыл чарба министрлигинин карамагындагы мамлекеттин имараты, жерлери коррупциялык схема менен жеке менчик колдорго өтүп кеткени ачык эле көрүнүп турат. Төмөндө ал тууралуу аталган экспедициянын башкы инженери Чыңгыз Карыбеков айтып берет:

https://www.youtube.com/watch?v=KoQgfRL6r0c

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here