Жаш режиссёр Бакыт Асылбек уулу көп жылдардан бери коркунучтуу кино тартканга даярданып келген

Мына эми 1-июндан баштап “Албарсты” ( албарсыт- бул уламышка айланган бир көрүнүш, түн ичинде уктап жаткан адамга келип думуктурат ) аттуу эмгеги көрсөтүлө баштайт. Фильмдин сценарийин Бакыт Асылбек уулу жана  Өмүрбек Нурдинов жазган. Режиссердун айтуусу боюнча кино тартканга 3 ай убакыт кеткен, бирок тартуучу топ үчүн бир ай бир жылга тете болду дейт.

“Элестетсеңиз, сиз азыр самолётто парашют менен секирип жатканыңызды, же американыкындай 50 метр бийиктиктен горка менен түшүп келе жатканыңызды”, мисалы Хан Теңири чокусунан жерди көздөй сноуборд менен түшкөнү жатсаңыз эң биринчи эмнени элестетесиз? Албетте  өтө зуулдаган ылдамдык менен каалаган жериңизге жетүү .

Фильмдин жанры ушундай сезимдерди тартуулайт. Ошондуктан мен ушул жанрды тандап алдым дейт- Бакыт.

Албарсты киносу баардык айтылып жүргөн уламыштар боюнча тартылды. Анда: бир үйбүлө табышмактуу, коркунчтуу пайда болгон нерселерге кабатырланышып жашайт. Башкы каарман эмне окуя эмне жөнүндө болуп жатканына жооп издейт. Бирок кинонун баш аягына чейин биз аны сезип турабыз.

Эскерте кетсек албарсты жөнүндөгү ыр киного тиешеси жок. Ал болгону кыргыз элине албарсты жөнүндөгү уламыш бар экенин  эскерттик дейт кинонун режиссёру.

Кино элге жагат деп ойлойбуз, калган сындарды көргөндөн кийин айтышат да.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here