Белгилүү болгондой Кыргызстандын Айыл чарба министринин аты эле бар. Заты эчак эле жоголгон. Бул министрлик илгери укмуш күчтүү, бай жана таасирдүү министрлик болчу. Акыркы 20 жылда бул министрликти ондон ашуун адам жетектеди окшойт. Жетектегени курушсун, ошол министр болуп кеткендердин баары болбосо да, арасындагы бир топторду аталган министрликтин канын сүлүк курттай сорушуп, сөөгүн иттей кемиришти. Аларды эл деле жакшы билет. Азыр аталган министрлик элге эмне жардам кылып жатат?

Эч нерсе, тескерисинче дыйкандардын эсебинен жанын багып жатат. Академик Жамин Акималиев айткандай: “Айыл чарба министринин конторасы менен калем сабынан башка эч нерсеси калган жок”. Эң таамай айтылган сөз. Министрликтин карамагындагы биртке мыдырларды болушунча талкалап, менчикке чыгарып жатышат. Биз бүгүн  ушул министрликтеги дагы бир чоң коррупциялык схеманын бетин ачмакчыбыз. Бардык далилдерибиз бар,  тиешелүү кагаздарыбыз бар. Андыктан сотко беребиз деп коркуткандарга жолуңар болсун дейбиз. Эмесе сөз башынан болсун.

Кылгылыкты кылып койгон Камчыбеков Равшан Жогорку соттогу судья баласына таянабы?

Камчыбеков Равшан деген адам 2009-жылы Айыл чарба министрине караштуу Суу чарба департаментинин директору болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыкты көздөп, 2009-жылдын 8-октябрында өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, Суу чарба департаментине караштуу мелиоративдик гидрогеологиялык экспедицияны административдик имараты жана башка мүлктөрү менен чогу Аламүдүн райондук Суу чарбасына өткөрүү боюнча №159 буйрук чыгарып, ага кол коёт.  Буйрук ишке аша баштайт. Бирок көп өтпөй, так айтканда, 2010-жылы Суу чарба ишканасынын кайра түзүлүп, ага жетекчи болуп, Бакиевдин учурунда ЖКда “Ак жолдон” депутат болгон, 2015-жылы “Бир болдон” депутат болгуча аталган ишкананы жетектеген  Зиядин Жамалдинов деген атка минер дайындалат.

Менчиктелип кеткен мурунку АТС

Жамалдинов Камчыбековдун №159  буйругун жокко чыгарып, департаментке караштуу мелиоративдик гидрогеологиялык экспедицияны Аламүдүн райондук Суу чарба башкармалыгына кошпой, ордунда калтырат. Мына ушул чечимден кийин, көп нерселер ачыкка чыга баштайт. Көрсө, эки жыл ичинде Мелиративдик гидрогеологиялык экспедицияга караштуу бир катар имараттар, маселен  АТС (автоматтык телефон байланыш) имараты административдик статусун жоготуп, адам жашай турган кадимки эле үйгө айланып, аны менен кошо бир нече  (несколько бокс, мастерская, склад) имараттар (жогоруда айтылган эки кабаттуу административдик имараттын жанында) бир эмес, бир нече менчик колдорго өтүп кетет.

https://www.youtube.com/watch?v=KoQgfRL6r0c

Кандайча, кантип өткөнү айтпасак да белгилүү болсо керек.

Камчыбеков судья.

 

Бул жерде чоң коррупциялык схема болгон. Ошол кездеги директор Равшан Камчыбеков өзү иштеген куттуу жайды өнүктүрүүгө эмес, өлтүрүүгө багыт алып иштегени көрүнүп эле турат. Бүгүнкү күндө Камчыбековдун баласы департаментке азуусун көрсөтүп, менчик үйгө (мурунку АТС), анын жанындагы ар кандай имараттарга департамент тийишпеши керек экенин, алар менчик экенин эскертип жүрөт дейт. Себеби, Камчыбеков Равшанбектин баласы  Камчыбеков Шерали Равшанбекович Жогорку сотто ушул жылдын башынан тарта бакыйган судья болуп иштейт. Шерали мырза,  ага чейин так айтканда, 2003-2017-жылдар аралыгында Ош шаардык сотунда иштеген.

Кыскасы, бул жерде мамлекеттик мүлктү менчиктештирип жаткан  атасынын “крышасы” баласы окшобойбу. Дагы бир маселе, Аламүдүн районунун Аламүдүн айылы Полевая №1 көчөсүндө жайгашкан Суу департаментине караштуу бул Мелиаративдик гидрогеологиялык экспедиция мекемеси жайгашкан жердин “Кызыл китеби” тууралуу.  Бүгүнкү күндө чырга айланып жаткан кызыл жердин кызыл китеби бар болсо да, жоктой. Аталган экспедициянын жетекчиси А. Аскаров бул маселени тактоо боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылган экен. Бирок Аламүдүн райондук Мамкаттоо кызматы, экспедициянын бардык мүлкүн, жерин кайра түгөлдөп чыгуу, кайра башынан каттоо керек экенин айткан.

Имараттын экинчи кабатын Полотов  Сапаркуловго кантип менчиктештирип берген?

Бул Суу  чарбасына караштуу ишканада Камчыбековдун “коррупциясынан” башка да дагы бир чоң коррупциялык иш бар экен. Бул иш Камчыбековго  чейин болгон иш экенин эскерте кетели.  Анын чоо-жайы мындай экен. Суу чарба департаментинин Аламүдүн райондук башкармалыгынын жетекчиси А. Полотов менен У Сапаркулов экөөнүн ортосунда келишим түзүлөт.

Себеби, 2007-жылдары башкармалыкта күйүүчү май алууга акча жок болгондуктан жетекчилик Мелиаративдик гидрогиологиялык экспедициянын экинчи кабатын толугу менен күрөөгө коюп, ага болгону 42  тонна күйүүчү май алат. Бирок берилген күйүүчү май убагында төлөнүп берилген жок деген шылтоо менен Абдыжалил Полотов имараттын экинчи кабатын Сапаркуловго оңой –олтоң эле  (балким, жардам берүү менен) карматып коёт. Бул маселе боюнча 2008-жылы Сапаркулов Аламүдүн райондук сотуна доо арыз   (доо-арыздын көлөмү 509 250 миң сом болгон. Муну атайы адистер баалашкан экен)  менен кайырылып, имараттын экинчи кабатын өзүнө алууга жетишет.

Ошентип, мамлекеттин мүлкүнө оңой туйтунган Сапаркулов 2012-жылы имараттын экинчи кабатын тиешелүү жери менен бирге М. Жунушалиев деген ишкерге 708 450 сомго сатат. Жунушалиев деген неме болсо бул жерде имараттын экинчи кабаттын ак ниет, мыйзамдуу сатып алуучусу болуп калып жатат. Ал эми Полотов деген талкалагыч ал имаратты эмнеге күрөөгө коюп, май алган? Ага канчалык деңгээлде муктаждык болгон? Мейли алсын дейли, бирок ошол 42 тоннаны жөн эле кутулуп койсо болмок экен. Себеби, Полотов жетектеген Аламүдүн райондук Суу чарба башкармалыгы бир жылда 20-25 млн. сомго чейин киреше табары айтылууда. Демек, бул жерде Полотов менен Сапаркулов экөө өз ара  келишип, сүйлөшүп алгандай. Балким, экөө дос болуп жүргөндүр… Кыскасы, бул жерде  бир мандем бар. Полотов азыр да бир башка кызматта иштеп жүрөт, кылгылыкты кылып,  кыл жип менен бууп коюп. Көрсө, бул Полотовдун баласы да Камчыбековдун баласына окшоп таасирдүү жерде иштейт экен. Анын баласы бир таасирдүү прокурордун жардамчысы экени  айтылууда. Аталган экспедициянын имаратынын экинчи кабаты, жерлери боюнча талаш-тартышта райондук сот, район аралык аралык сот, облустук сот, жогорку сот дагы Сапаркуловго чечип берген экен.

https://www.youtube.com/watch?v=8PkhTWMGByI&feature=youtu.be

Ал эми Суу чарба департаментине караштуу меларативдик гидрогеологиялык экспедициясына 2011-жылы Аскаров Алмаз жетекчи болуп келип, өзүнөн мурун иштеп кеткендердин өлкгө болгон мындай чыккынчылык-коорупциялык иштерин жоюуга аракет кылып, Башкы прокуратура баш укук коргоо орандарына, сотторго  кайрылып, бул коррупциялык жолдор менен менчиктештирилип кеткен имараттын экинчи кабатын, аны менен бирге анын тегрегиндеги короо жайды кайра кайтарып алуу маселесин кайрадан көтөрүп жүргөнүн эшиттик.  2016-жылы  жазылган Аскаровдун арызына быйыл Аламүдүн райондук соту апрель айында бул ишти мыйзам чегинде чечүү боюнча Аламүдүн райондук сотуна жөнөтүптүр. Эми соттор бул ишти эмне кылат?  Мамлекеттин мүлкүн мамлекетке кайтарып беришеби? Же коррупциялык жолдор менен сатып алгандарга кайрадан бекемдеп береби? Ал жагына да байкоо салып, жазып турмакчыбыз. Баса,  бүгүнкү күндө меларативдик гидрогоелогиялык экспедицисынын жаматты имараттын биринчи кабатына тыгылып, батпай олутурат. Андан тышкары, тиги “баскынчылар” коро-жай биздики деп техникаларын короого койдурбай жатыптыр. Ал тургай короо жайдагы даараткана да менчиктелип кеткендиктен, аны да менчик ээлри коргоого алып жатканы айтылууда. Мындай өткөн кордук барбы? Айыл чарба министри Нурбек Мурашев мындай маселени карабай качякта карап олутрат? Жогорку Кеңешке, өкмөткө кайрылып, катуу чараларды көрсө болот эле го. Мындай коррупциялык схемаха жогорку бийлик деле анчалык акмачылык кылып кайдыгер карабаса керек да.

Карыбеков Чыңгыз,  министрликке караштуу мелиративдик гидрогеологиялык  экспедициянын башкы инженери:

-Мен бул кесипти 2004-жылдан бери аркалап келем. Биз айыл чарба, тамак –аш жана мелиорация министрлигине караштуу бул мелиративдик гидрогеологиялык эскпедициясы 2008-жылы түзүлгөн. Бул  биз иштеген имарат эки кабаттуу, чоң имарат. Союз жылдары салынган. Абалы анчалык деле дурус эле. Имаратты кошкондо жалпы аянт 1 гектар, 4 сотых. 2009-жылдан баштап биз бул имараттын 1 кабатында болчубуз. 2014-жылы 1-кабатка түштүк. Себеби, экинчи этаж, коро-жайы, бокстар менен кошо менчиктешип кеткен. Мындайча айтканда,  техниканы коё турган жайыбыз да жок.

Бул ишкана мурун Чүй облустук Суу чарбасына карап туган кезинде, азыркы имараттын 2 – кабатын күрөөгө коюн 40 миң тоннадан ашуун күйүүчү май алышкан. Ал майды убагында төлө албай калышып, сот аркылуу имараттын экинчи кабатын, коро-жайды, бокстарды кошо өздөрүнө алып коюшкан.

Экинчи кабаттын ичинде Акаевдин сүрөтүнөн башка эч нерсе жок экен

 

Имараттын бул биринчи кабатына жумушчулар тыгылып олтурат…

Автор: Айбек Шамшыкеев

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here