Чагылган: Россия, Казакстан  жана бизде дагы воттсап аркылуу тарап, элдин үрөйүн учурган бул «водяной клоп гладыш» атту курттун зыяндуулугу канчалык? Чын эле ал чагып алгандан кийин адам өлүп калышы  мүмкүнбү деген суроого  зоолог   Константин Степанович түшүндүрүп берди.

Аты айтып тургандай эле сырткы бети суу менен капталган  өзгөчө  курт. Денесинде жабышып турган  сүйрү, жылмакай бөлүкчөлөрү  ага сууда жүргөнгө ылайыктуу.

Анын сырткы көрүнүшүнө көргөнгө кызыккандар дагы көп.Бирок бир караган киши артка качышы мүмкүн. Денесинен сары, жашыл, күрөң, апарман өңдөрдү жана башындагы чоң көздү көрүүгө болот.

“Водяной клопту” суудагы ары, же бир башкача курт деп койсо болот.  Эгер ал чагып алса  кадимки аары чагып алган сыяктуу эле катуу оорутушу же  аллергия  болуп кетиши мүмкүн.

Бул жаныбар суудагы майда балыктар менен тамактанат. Адамдарды  ал суга түшүп жаткан мезгилде чагып алышы мүмкүн. Аябай оорутат бирок, өлүп калуу мүмкүн эмес- дейт  биология илимдеринин кандидаты, ГП «Институт зоологии» КН МОН РКнын кызматкери  Перизат Есенбекова.

Казакстанда бул жандык кезикпейт, Түндүк Америкада, чыгыш Азияда,Түндүк-чыгыш Кытайда, Кореяда, Японияда жана түндүк Америкада жашайт.

“Клоп” үстүнө 100дөй жумуртка болгуча жүрө берип, эки жумадан кийин төлдөйт.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here