Менин жардамчым!

Бөбөктөргө бир кичине иш кылса эле: «сен менин жардамчымсың» — деп турсаңыз, аларда жоопкерчилик сезим ойгонот. Алар аны баалап жаткандыгын байкап, жардам берүүгө ашыгат.

Сен-камкорсуң

Ыраазычылык айта билүү -бул башкаларга кам көрүү. Керек болсо балдар болбогон эле: оюнчугун өйдө алып койсо, тамак жеген тарелкасын жууганга салып койсо деле: «Карачы,сен кандай камкорсуң Рахмат!», — деп аны жоопкерчилик, камкордук жана байкоо жагынан  мактап койгонуңар — абдан маанилүү.

Бүгүн биз эмнебиз менен бөлүшөбүз?

Бизге мурдатан эле белгилүү  болгон неселер илимий жактан аныкталды: кичкинтай наристелер башкалар менен колунда болгон нерсесин бөлүшсө, досторуна таттуулардан бөлүшүп берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо, өзүн бактылуу сезет. Өз колунан жасалган же өзү каткан акчасына берген белеги да аларга бакыт тартуулайт. Күнүнө бир жолу башкалар менен тамагын же оюнчугун бөлүшүп койсо, балага жакшы таасир калтырат.

Бакыт… камкордук…

Бакыт -бул жок нерсеге жетүү эмес, колдо болгонду барктай билүү. Кичине балдар, алар бакыттуу болушу үчүн, аларга жакшы болуу үчүн жасап жаткан аракетиңизди сезбейт. Бирок, эгер сиз алар менен ар дайым колдо болгондун баркын билгенге жана аны байкаганга үйрөтө берсеңиз, алар сөз жок бара-бара сиздин эмгекти да баалай баштайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here