Чагылган: Forbes журналынын версиясы боюнча Оруссиялык 200 эң бай бизнесмендердин рейтинги чыкты.

Эки жыл катары менен 1-орунду Роосиядагы жеке газчыгаруучу «Новатэк» компаниясынын ээси Леонид Михельсон ээледи. Басылма анын байлыгын 18,4 миллиард доллар деп баалады.

Экинчи катарда «Северсталдын» ээси Алексей Мордашов ээлеп, анын байлыгы 17,5 миллиардды чапчыган.

Үчүнчү орун Новолипецкийлик металлургиялык комбинаттын ээси Владимир Лисинге (16,1млрд. доллар) таандык болгон.

Төртүнчү орунда 16 миллиард доллары «Новатэк» жана «Сибуранын»  директорлор кеңешинин мүчөсү Генадий Тимченко жана 5-орунда USM Holdings негиздөөчүсү Алишер Усманов (15,2 миллиард доллар).

Алтынчы орунда «Лукойлдун» президенти Вагит Алекперов (14,5 миллиард доллар), ал эми 7-орунда LetterOne Holdings директорлор кеңешинин  жана  «Альфа-Групп» байкоо кеңешинин төрагасы Михаил Фридман (14,4 миллиард доллар), 8-орунда «Интеррос» холдингинин президенти, «Норильский никель» ММК гендиректору Владимир Потанин (14,3 миллиард).

Бул тизмеде, «Еврохимдин» стратегиялык комитетинин төрагасы Андрей Мельгиченко (13,2 милрд. доллар) жана «Ренова» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Виктор Вексельберг (12,4 милрд.доллар) бар.

Басылма белгилегендей, бул рейтингге кирүү билети мынчалык  350 миллион доллардан 500 миллион долларга чейин кымбаттаган эмес. 200 бай бизнесмендин байлыгы бир жылда 100 милларддан 460 миллиардга чейин өскөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here