Чагылган: Өз атасын жерге бере албай анын сөөгүн 4 ай боюу балкондо кармаган Казакстандын Павлодар шаарчасынын тургуну экени айкын болду. Сөөктүн жагымсыз жытынан улам коңшулары полицияга кабар берген. Бул тууралуу «Экспресс К» басылмасы жазып чыкты.

Батир ээси узак убакыт эшигин ачпай каршылык көрсөткөн. Акыры куткаруучулар эшикти талкалап киришкен. Ошол кезде кылмышы билинген уул сөрөй 5-кабаттан секирип кеткен. Денесинде сынык, жаракаттан улам аны  жеткиришкен. Ал катуу мас болгон.

Тургун 77 жаштагы атасын кышта кайтыш болгонун, бирок аны жерге берүүгө акча таппай койгонун айткан. Тыйын тапкыча жылдырып турууну эп көргөн ал, кылыгын эч ким билбей калат деп ойлогон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here