Чагылган:Беттин, теринин эстетикалык  көйгөйлөрү ар кыл  куракта жана ар кандай себептер менен чыга берет: гормоналдык бузулуу, ички органдардын иштөөсүнүн бузулушу,  дерматологиялык оорулардын калдыктары. Болбосо, супсулуу, тунук келбетте ким жүргүсү келбейт?

Майлуу бетке лосьон

Кээде, косметикалык маскаларды камдоого убакыт таппай калган кез болот. Мындай шартта  бир жолу жасап, 3 күн муздаткычта сактоого боло турган алма уксусунан лосьон даярдоону сунуштайбыз.

Керектүү каржаттар:

5 чоң кашык чыланган (крепкого) көк чай

1 чоң кашык алма уксусу

Колдонуу:

Чай менен уксусту аралаштырып, даяр болгон лосьон менен бетиңизди күндө бир жолу сүртүп коөсуз.  Аралашма терини тазалап, кургатып жана тонусун көтөрөт.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here