Австралиянын федералдык парламентинин отурумунда алгач ирет бала эмизген депутат — аял Ларисса Уотерс болгонун The Independent гезити кабарлады. Австралиянын сенатору парламенттин жалпы жыйынында тартынбастан бала эмизген алгачкы аял болуп калды. Ал эки жарым айлык кызы Алия Жойду көтөрүп алып иш ордуна барган. Жаш эне: «Биздин өлкөдө энелердин иштөөсү үчүн өзгөчө шарттарды түзүү зарыл. Иш ордубуз да балалуулар үчүн ыңгайлуу болуусу керек. Ошондо гана элибиз коркпой төрөйт», — деген өз сөзүндө. Австралияда коомдук жерлерде эмчек эмизүүгө уруксат берилгенине бир нече эле ай болду. Эми Ларисса Уотерс парламент имаратына жолдоштору да кирип, кыз-келиндер жыйынга катышып жаткан кезде баланы карап турууга уруксат берген мыйзамдын үстүндө иштеп жатат. Кеңсе же дагы башка коомдук жайларда бала эмизүү маселеси мындан сегиз жыл мурда Австралияда «Жашылдар» партиясынын мүчөсү Сара Хэнсон-Йонгдун эки жаштагы кызы Кораны энесинин колунан жулуп алышып, Сенаттан чыгаргандан кийин курч темага айланган.

Булак: Азаттык

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here