Чагылган: Түркияда туристтерди салган кичи автобус авария болду. Район башчысы Мугла Имер Чичектин айтымында,  кырсыктан 20 адам каза тапкандыгын РИА Новости билдирет.

Кырсык Мармария районунда, өлкөнүн түштүк — батышындагы Мугла-Анталья трассасында болгон.

Маалыматка ылайык, автобустун айдоочусу кооптуу тоо жолунда рулду башкаралбай калып, машина оодарылып кеткен.

Трассада кыймыл эки жагынан тең жабылган.

«Башында 17 адам каза тапкан, бирок ооруканадан дагы үчөө кайтыш болуп кетти. Азыр бизде 20 киши каза болуп, 11и оор жаракат алды. Бул туристтердин унаасы болчу. Чет элдиктер жок. Жабыркагандардын бардыгы биздин жарандар», — деп айтты Чичек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here