1. Күйөөңүздүн сүйүүсүн улам жандыргыла. Кудуреттүү Аллах аялды көптөгөн таланттарга ээ кылган. Бул нарктарды колдоно билгиле. Тугөйүңүздүн көңүлү дайыма көтөрүнкү болуп, анын кубанычынын себеби сиз болушунуз керек.

2.  Түгөйүңүздү дайым тосуп чыккандай болгула. Күйөөңүз жумуштан болобу же дүкөндөн келе жаткан болобу, аны босогодон тосуп чыккыла. Эркекке көңүл абдан керектуу нерсе, ошондуктан ага жылуу мамиле кылуу абзел.

3. Хур аль-айн сапаттарын изилдеп чыгып, аларды кабыл алгыла. Ыйык Куран кандай аял бейишке барарын көрсөткөн. Күйөөңүз үчүн жибек кийип, боенуп, ырдап бергиле.

4. Ал үчүн кооз киймдерди кийгиле. Тилекке каршы, көп аялдар тышка үйдөгү кийими менен чыгууну норма кылып алышкан. Бул тура эмес көрүнүш. Аял дайыма жакшы кийинип, өзүн карашы керек. Биринчи ирет – күйөөсү үчүн.

5.Шайыр болуңуздар. Түгөйүңүз менен тамашалашып, ойноп, көңүлүн көтөргүлө. Эркек аялдын тамашакөйлүгүн жана жөнөкөйлүгүн жогору баалайт.  Пайгамбарыбыз Джабирге үйлөнүү тууралуу кенеш беруудө, аны күлдүрө алган кыз менен баш кошууга үндөгөн.

6.Күйөөңүзгө ар бир жакшы мамилеси  үчүн рахмат айтууну унутпаныз. Эркек кишиге мактоо, албетте, укмуш жарашат. Ар бир сизге арнаган кадамын баалап, алдыдагы чоң жетишкендиктерге дем бергиле. Бул алтын эрежени карманбаган айымдар тозокко барары анык.

7. Уруш чыгарып, чатак маселени козгобогула. Аялдар үчүн мазактоо жана бөйрөктөн шыйрак чыгаруу – бул көнүм адат. Чыр-чатактар үй-бүлө үчүн терс кызмат аткарат. Жаӊжал чыгаруунун ордуна күйөөңүздөн кечирим сурап койсоңор – бир олуттуу маселеден кутуласыз.

8. Күйөөңүздүн ыразычылыгына ээ болууга умтулгула, себеби бул Аллахтын ыраазычылыгына жетүү ачкычы. Мухаммад Пайгамбарыбыз айткан: «Эгер күйөөсү аялына нараазы болбобосо, жубайы бейишке чыгат».

9Тилин угуп, баш ийинүү билгиле. Моюн сунуу ыйык буйруктардын бири.

10. Кудайдан үй-бүлөңүз үчүн бакыт тилеп, дуба кылыӊыз. Аллахтан тынчтык, гармония тартуулашын сураныңыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here