Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылынын Алтын-Ордо конушундагы мечитте «молдокелердин» мушташынын күбөсү Сарыбай Дубанаев SUPER.KG порталына окуянын кандай болгонун айтып берди.

«26-апрелде биздин мечитке туура эмес багыттагы жамаат келген. Мен аларга «документтериңер жок экен, бул жерде амал кылышка болбойт» деп түшүндүрүп айттым, бирок алар баш ийбей коюшту. Анан мен балдарга «бул жамаатты сыртка тез арада чыгарыш керек» дедим. Эгер булар айылдарды араласа, бизге сөз тиет, кийимге асылат, башка асылат, ошонун аркасынан бизди жаман көрөт. Анан коңшу мечитте амал кылган спортсмен бала келди эле, ал жамаат менен айтышып, тапыр-топур чыгып кетти», — деди Дубанаев.

Сокулук районунун имамы Икрам Рысбаев бул мечитке муфтиятка моюн сунбаган адамдар атайын кагазы жок келгенин айтты. «Аларды мечиттен чыгаруу максатында «кирүүгө уруксатыңар жок, муфтиятка баш ийбей келипсиңер» деген сөздү айтышканда, алар баш ийишпей, ар кайсы сөздөрдү айтканына байланыштуу ызы-чуу чыгып кеткен экен. Биз учурда жамаатты сабырдуулукка чакырып, ынтымакка үндөп жатабыз. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», — деди Рысбаев.

super.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here