Чагылган:Кыргызстанда фармкомпаниялар врачтар менен иштешип дарыларын өткөрөт.Бул тууралуу бүгүн, парламенттик отурумда депутат Аида Исмаилова билдирди.

«Биз неврология бөлүмүнүн палаталарын кыдырдык. Башы ооруган адам жатат, анын тумбочкасында болсо ашыкча витаминдер, жөтөлдүн дарысы  турат. Ар бир бейтапка ушул дарыны алгыла, жардам берет деп бир дарыкана пунктунан алдыртышыптыр. Бул ден соолукка зыян да. Мурда да айткан элек бирок, эч майнап чыкпай жатат», — деп айтты депутат.

«Ар бир врач, клиника же фармкомпания менен күрөш жүргүзбөстөн, системаны өзгөртүү керек. Дары-дармек боюнча улуттук маалымат  базасы каралууда. Дарыгер, клиниканын протоколунда жок дарыны саттыра албайт. Мага убакыт бергиле», — деп билдирди министр Т.Батыралиев.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here