Макияжды жасаардан мурун ар бир нерсеге дыкаат көңүл буруу зарыл. Беттин терисин ар дайым эске алуу зарыл. Майлуу, нормалдуу, аралаш жана кургак бет териси үчүн атайын каражатарды алуу зарыл.

  1. Эгерде бетиңиздин териси кургак болсо, азыктандырыш үчүн молочкону же суюк бет майды колдонгонуз туура. Анын курамында миндаль майы, ромашка болсо абдан жакшы.
  2. Эгер бетиңиздин териси сезгич болсо календула гүлү кошулган бет майлар жакшы.
  3. Аралаш бет терилер үчүн тазалоочу каражаттар жакшы. Майлуу бет териси үчүн курамында спирти бар каражаттар болсо, кургак беттер үчүн спирти жок каражаттарды колдонуу туура.

Косметиканы кантип тандоо керек?

Косметологдордун айтуусунда косметика күнүмдүк жана кооздук үчүн колдонула турган болуп экиге бөлүнөт. Тандоого келгенде көптөр декоративдүү косметиканы сатып алып, күнүмдүк косметикага акчасын короткусу келбейт. Косметиканы тандоодо эң оболу жаш жана сулуу бойдон калууну ойлонуш керек. Күнүмдүк бетти жуурда самынды эмес бет жууй турган гелди андан кийин тоникти жана бет майды колдонуу шарт.  Андан кийин көздүн айланасына май колдонгон оң.
Универсалдуу деген юет майларды дүкөндүн күркөсүндө эле калтырганыңыз оң. Анан дагы косметиканы базардан эмес атайын косметика саткан дүкөндөрдөн алганыңыз жакшы. Канчалык кымбат болсо ошончолук көпкө пайдаланасыз жана ал сапаттуу болот.

Бет майлар, лосьон, помада, тушь, упаны кайда сактоо керек?

Жуунучу бөлмөдөбү, муздаткычтабы же бөлмөдө сактоо керекпи?

Териге тиешелүү каражаттарды жуунучу бөлмөдө сактоого болбойт. Бет майларга ысык жана ным абдан жат көрүнүш болгондуктан андан алыс койгонуңуз дурус.

Бет майларды бөлмөдө +5 — +25 жылуу температурага чейин сактоого болот. Косметиканын сыртында жазылган мөөнөтү болгону ал косметиканы ачканга чейинки убак. Ал ачылгандан кийин ашып кетсе бир жыл колдонулат, андан кийин ал жараксыз болот. Бет майлардын мөөнөтү өтүп баратканын анын жытынан билүүгө болот. Жыты кычкыл жыттана баштайт. Косметиканы көп убакыт колдонгуңуз келсе аны муздаткычка сактаганыңыз оң.

Бет майларды сатып алууда, капкагы чоң анан кол менен алган бет майлардын алуудан качыңыз. Ар бир ачып жапкан сайын ичине микробдор кирип атып, ал биологиялык куралга айланат дагы териңизди бузат жана ар кандай тери ооруларына алып келет. Азыр бет майлдар чачкычы (дозатор) менен чыгып калбадыбы. Ошондой чачкычы менен алсаңыз ага эч качан микроб кирбейт жана ал көпкө сакталат.  Помаданы да аз колдонгонуңуз жакшы. Помада менен да көп микробдор келет. Упанын губкасын, тендин щеткасын да бат-бат алмаштырып туруу жакшы.

Автор:Самара Саламатова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here