Басылма Мтхетхва суунун түбүнө 30 метр тереңге кирип, жээкке чыгууга камынганда үч крокодил кол салганын белгилейт.
Зимбабведе Иисусту кезинде кантип суунун үстү менен баскандыгын туурайм деп сууга кирген чиркөө кызматкери Жонатан Мтхетхва крокодилдерге жем болду. Бул туурасында РИА Новости Daily Mail басылмасына таянып кабарлады.

Кырсык крокодилдер көбүрөөк байырлаган аймакта болгон. Чиркөө кызматкери чогулган шакирттерине Библияда Иисус суунун үстү менен жүргөн деп жазылган учурду кайталап берүү максатын көздөгөн. Басылма Мтхетхва суунун түбүнө 30 метр тереңге кирип, жээкке чыгууга камынганда үч крокодил кол салганын белгилейт.

«Азыркыга чейин ишенбей турабыз. Мтхетхва үч күн бою сыйынып жатып, сууга кирсе, аны крокодилдер эки мүнөткө жеткирбей жеп салып жатпайбы», — деп айтып берген шакирттеринин бири. Куткаруучулар алар келгенде чиркөө кызматкери эбак каза болуп калгандыгын айтышкан. Басылма Зимбабведе буга чейин крокодилдер аңчы Скотт ван Зилди да жеп кеткендигин жазды.

Спутник булагы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here