Чагылган: Журналист Рамазан Есергепов, Алматадан Астанага баратып бычак жеген жана бир нече саат кансырап жатып калган.

Бул тууралуу Sputnik Казахстан билдирет. «Журналисты в беде» коомдук уюмунун төрагасы Рамазан Есергепов Шу (Чу)шаарында бычак жеп ооруканага жеткирилген.

Кол салуу өткөн жуманын аягында болгон. Ал Алматыдан Астанага чет элдик элчилер жана эксперттер менен жолугуу үчүн бара жаткан.

Алматадан чыккандан кийин 1 саат өтүп эле аны  бирөө  ичке сайган. Себеби, белгисиз. Алматыдан ЧУга чейин 4-5 саттык жол. Бычак жегенден кийин журналист кансырап 2,5 саат жатып калган жана ага эч ким жардам көрсөтө алган эмес. Тең укуктуу журналисттер федерациясынын башчысы Розлана Таукинанын айтымында, жанында поезд коштоочусу болгон.

Ал бир гана Чудагы келерки токтоочу станцияга тез жардам жана полиция чакырганга жараган. Учурда, Есергеповго операция жасалып, абалы турукташып калганын айтышууда. Эч бир орган жабыркабаганы менен жараты терең жана оор.

Есергепов — казакстандык көз карадысыз журналист, «Алма — Ата инфо» гезитинин башкы редактору да болгон. 2009-жылы ызы-чуу жараткан макаласынан кийин соттолгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here