Португалдык гастроэнтерологдор сушинин башкы зыянын аныктагандыгындыгын Lenta.ru билдирет.

Адистер,сушинин популярдуулугу өскөн сайын паразиттик инфекциялардын да көбөйүп жаткандыгын байкаган.

Врачка бир жумадан бери ашказаны ооруп, жүрөгү айланып кыйналган 32 жаштагы жигит кайрылган. Кандын анализи организмдин сезгенип калганын көргөзгөн.

Башында алар мунун себебин таба алышкан жок. Кийин жигит оорурдун алдында суши жегендигин айтканда, медиктер аны анизакидозгго шекшийт. Анизакидоз — бул адамдын организмине чийки же  аз туздалган деңиз балыктары менен келүүчү  нематод личинкаларын чакырган инфекциялвк оору.

Эндоскопиялык кароодон кийин окумуштуулар, жигиттин ашказанын сезгенген бөлүгүнөн паразит личинкаларын табышкан. Нематодду кетирген соң, кардардын саламаттыгы калыбына келген.

Дарыгерлер кесиптештерин анизакидоздун мүнөздүү  симптомдоруна көңүл бурууга чакырат жана балыкты тамакка кошордо жакшы тандап, даярдоону сунуштайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here