Чагылган: АКШ, Сауд Арабиясына курал жеткирүү үчүн суммасы 100 миллиард долларды түзгөн келишимдин аягына чыгып калды. Бул тууралуу Reuters басылмасы жазууда.

АКШнын ак үйүнөн маалымат берген аты аталбаган чиновниктин айтымында, 10 жылдын аралыгында келишимдин суммасы 300 миллиардга жетери күтүлүүдө. Макулдашуунун алкагында АКШ Сауд Арабиясына коргоону жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну максат кылууда.

Келишим пакети Дональд Трамптын 19-майдагы Арабияга болгон иш сапарынын алдында иштелип чыгат. Бул анын Президенттикке шайлангандан кийинки алгачкы иш сапары.

Reuters белгилегендей, АКШ колдоо иретинде  Израилге да ушундай жардам көрсөтүүнү улантат.

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here