Италиянын 394 тургуну эле калган Бормида айылына көчүп барып отурукташкандарга жергиликтүү бийлик эки миң евродон сый акы берилерин жар салды. Бул тууралуу The Guardian гезити кабарлады. Деңиз деңгээлинен 420 метр бийиктикте турган айылда азыр бир үйдү ижарага алуунун баасы болгону 50 евро. Көчүп келгендерди сыйлоо демилгесин айыл башчысы Даниелло Галлиано көтөрүп чыккан. «Аз болсок да аябай ынтымактуу айылбыз. Жаңы келгендер үчүн жакшы шарттарыбыз бар», — деген Галлианонун Фейсбуктагы барагына эки миң евро сыйлык тууралуу жазганы катуу талкууланып жатат. Айрымдар эки миң еврону алгандан кийин шаарга кетип калышпайбы деген да суроону көтөрүшүүдө. Италияда 2 500 айыл-кыштак бош калуу коркунучунда. 2017-жылды бийлик «Айылдар жылы» деп жарыялаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here