Чагылган: Экинчи ирет чемпион Азия чемпиону болуп, кечээ гана Бишкекке кайтып келген сыймыктуу балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова эми 19-21-майда  Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештигинин IV оюндарына катышмакчы.   Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Гейдар Алиев атындагы спорттук аренада старт алат.

Кыргызстандын эркин күрөш боюна кыз-келиндер курама командасыда:

Нурбек Изабеков — башкы машыктыруучу

Айсулуу Тыныбекова — 58 кг. чейин

Мээрим Жуманазарова — 69 кг. чейин

Айпери Медет кызы — 75 кг .чейин

Ислам тилектештигинин IV оюндарына оюндары 12-22-май күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында 49 мамлекеттин спортчулары таймашууда. Кыргызстандын атынан 70 спортчу спорттун 11 түрү боюнча катышууда.

Айсулуу баштаган үч кызыбызга тең чоң жетишкендиктерди каалайбыз! Элибизге жеңиш менен кайтып келишерине ишним чоң! Ак жолуңар ачылсын!

М. Жуманазарова
Айпери Медет кызы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here