Чагылган: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги  “Манас” эл аралык аэропортунан  аялдар күрөшү боюнча Азия-2017 эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекованы гүл менен тосуп алды. Бул кабарды мамагенттик таратты.  Кыргызстан курама командасынын аялдар күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков айткандай, А.Тыныбекова жаракатынан кийин кыска мөөнөттө даярданган, буга карабастан, ал Азия чемпионатында ишенимдүү жеңишке жетишти. Балбан кыз Тыныбекова: “Биз чемпионатка катуу даярдык көрдүк жана психологиялык жактан даяр болчубуз. Бардык атаандаштар мурдатан белгилүү болгон. Мен атаандаштарымдын эмнеге жөндөмдүү экендигин билип, алдын ала күчүмдү бөлүштүрүп алдым”, — деп билдирди А.Тыныбекова.

Белгилүү болгондой, 13-майда Азия-2017 чемпионатында А.Тыныбекова 58 кг чейинки салмак категориясында аялдар күрөшү боюнча алтын медалга ээ болгон. Ал ушуну менен экинчи ирет Азия чемпиону болуп олутрат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here