Кечээ 9-майда адатыбызча майрамдап, Улуу Жеңиштин 72 жылдыгын белгиледик.

Ошол өткөн Экинчи дүйнөлүк согуш ага чейин болгон согуштардын эң масштабдуусу, эң көп адам өлгөн жана эң көм мамлекеттер катышкан согуш болуптур… Биз далай жыл бою СССРден Ата Мекендик согушта 20 млн адам курман болгон деп айтып келдик, кийин аталган сан 29 млн адамга жетти. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 55 млн. адам курман болуптур!

Кыргызстан 360 миңден ашык адам согушка аттанган экен. Ошол кезде миллиондон бир аз ашык элибиз болсо, үчтөн бири согушка катышкан турбайбы. Ал улуу согушта миңдеген, жүз миңдеген эрдиктер катталган эмеспи. Бала кезден кулагыбызга жат болгон баатырлардын ысымдары жүздөп саналат, алардын аттарын күнү бүгүн санай алабыз. Биз азын санасак: Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков, Ташмамат Жумабаев, Дайыр Асанов, Калыйнур Үсөнбеков, Тайгараев, Ашыралы Коөнкөзов, Карбышев, Черняховский,  Зоя Космодемьянская, Сережа Тюленин, Олег Кошевой, Илья Земнухин, Оля Шевцова, Уля Громова, Алексей Мересьев, Жуков, Рокоссовский, Василевский, Шапошников, Ватутин, Чуйков, Штеменко, Толбухин, Еременко, Панфилов, Ананьев, Жаркынбаев, Конкин, Павлов… деп санасам кете берет, кудай акы, баатырлардан эң эле көп билем, мен тааныган адамдар да көп билет. Аларды билишибиз, ар дайым эске алып турушубуз биздин парзыбыз! Баатырдык дегендин өзү өлүмдү тике качыруу деген кеп, өлүмгө бирөөнүн эркиндиги үчүн барып берүү деген кеп. Ата Мекендик согушта 11 миңден ашык адам Советтер Союзунун Баатыры наамын алган экен, ошолордун ар биринин артында бири-бирине окшобогон жеке баатырдык бар! 28 панфиловчу баатыр жөнүндө кенедейибизден билебиз. Алар негизинен Кыргызстанда туулган адамдардан  Алма-Атада түзүлгөн. Ошол 316-дивизиянын командачысы Иван Панфилов Кыргызстандын аскер комиссары болгон. Алар Москванын алдындагы Дубосеково деген жеринде эрдик жасаган. Ошондогу саясий кызматкер Клочков: «Чегинүүгө жер жок, артыбызда Москва!» деп айтканы биздин эсибизде түбөлүк калбадыбы…  Тарых ушинтип туурасын айтып жатса, кайран казактар 28 панфиловчуну жалаң казактыкы кылып көркөм фильм тартыптыр деп жатат. Мен көрбөдүм, ал чын болсо, өтө уят иш! Баса, дзотко төшүн алгачкы ирет тоскон Чолпонбай болгондугун белгилүү окумуштуу Асанбек Табалдиев тактап берген. Матросов аскерге бара электе, Чолпонбайыбыз эрдигин жасап койгон экен. Ана, кыргыздын баатырдыгын тарых да айтып турат. Анан эле бүгүнкү күнү акчага алыбыз жетпей жатканы кайдан чыккан дейм да!

Кээси менен ойлонуп олтурсаң, адамдан өткөн бечара жок экен да. Эми карасаң, кайдагы бир билимсиз неме  бүт дүйнөгө алаамат алып келгенин, адамдардын ошонун ою менен болгонун. Гитлерди айттым. Ал Австрияда өсүп, Биринчи дүхйнөлүк согушка катышып, «Темир крест» ордени менен сыйланган экен.  Ошо желмогуздун түпкү ою- бүтүндөй дүйнөнү арий тибиндеги тукуму таза немистер ээлеши керек, аларга кызмат кылуу үчүн кээ бир улуттардан жетишинче алып калыш керек, калганын кырып-жоюш керек! Ошол улуттун өкүлдөрү эч нерсе менен иши жок, айтканды аткарып, чөп жеп жашашы керек. Адамдарды ошондой кылыш үчүн фашисттердин врачтары эксперимент да жасашкан эмеспи! Анан бу Гитлериң еврей улутундагылардын баарын кырды! Деги эле бардык улуттагыларды концлагерлерде кадимкидей эле отко жагып турду да. Бухенвальд, Майданек, Освенцим сыяктуу концлагерлерде миллиондогон адамдар өрттөлдү, миңдеген адамдар газ камераларында өлтүрүлдү!

Ооба, Сталин, Жуков, Рокоссовский сыяктуу аскер башчыларын-полководецтери согушту жеңген дейбиз, алар Улуу адамдар экенин билебиз. А чынында согушту жеңген кадимки эле катардагы солдат экен. Канчалаган көркөм кинолорду, даректүү фильмдерди көрдүк, китептерди окудук ж.б. мына ошолордо кайран солдатың кыштын күнү белчесине чейин дайрага кирип көпүрө куруп жатканы, 20-30 градус суукта окопто жатканы, жаан көнөктөп куюп турса, бар түйшүктүн башында турганы, анан эң негизгиси- ок мөндүрдөй жаап жатса, аны тик качырып атакага чыкканы!

Ооба, согушта командир да, солдат да бирдей эле кармашат, бирок, командиринде, кызматы жогорулаган сайын көп нерсени жасоого укуктуу да. Айталы взводдун командири солдаты менен болот, полктун командири деле ошол абалда дейли. Ал эми дивизиянын, корпус менен бригаданын командирлери коркунучу азыраак жерде жайгашат, жанында бирден ойношу бар, ичкен тамагы түрдүү,кеңири, согуштан тапкан буюм-теримдерин кайсы бир жолдор менен үйүнө жөнөтүп, болбосо, мерчемдүү жерде катып турат, түздөн түз ок чыккан жерге жолобойт, ж.б.   Андыктан согушта өлгөн генералдар анчалык көп эмес, мен билгенден Ватутин, Карбышев, Черняховский…

Кимдин ким экенин согуш аныктап коет экен. Мекенин фашисттерге бастырып, аларга каршы күрөшүүнүн ордуна чыккынчылык кылып,  ошол фашисттерге кызмат кылгандар болду, аз болбоптур, көп болуптур. Далайы староста болуп, полицай болуп, өз мекендештерин кырган тура. Чыккынчылыктын  эң жийиркеничтүү түрүн армиянын командачысы, генерал-лейтенант Власов деген көрсөттү. Ал армиясы менен кошо фашисттерге кызматка өткөн. Кийин өлүм азасын алды…

Чоң атам Араке билими жок, оозунда тиги-бу кеби жок, момун адам эле. Ал киши да согушка барып, колуна осколка тийип кайра келген экен. Ошол осколкасы алынбай калып, эртели-кеч колун силкилдетип «ой-бой таалай-ой» деп онтогонун көп укчумун, жүрөгүм ооручу. Кийин колу айыгып кетти. Бала кезимден атаман сурайм: «Ата, канча немис өлтүрдүң эле?» деп. Чочуп кетет: «Таш оозуңа, өлүмгө жетпегир, антип айтпай жүр, жаман болот…». «Биз немис өлтүрбөсө, согушка эмнеге барган?» деп ойлоно берер элем. Атам дайлардын карааны да оңой эмес экен да….

Бүтүндөй Европаны өзүнө иштеткен, аябагандай кубаттуу болуп турган фашисттик Германияны СССР кантип жеңген? Азыркы көз карашыбыз менен алганда, биздин Жеңишибиздин келишине көп жагдай себеп болуптур. Биринчиден, СССРдин адам ресурсу аябагандай мол экен, экинчиден,жерибиздин аянты эбегейсиз турбайбы, үчүнчүдөн катуу тартип, маселен, Сталиндин бир кадам артка чегинүү болбосун деген буйругу, Америка менен Англиянын материалдык чоң жардамы жана алардын согуштук аракеттери,анан  эң негизгиси элибиздин ынтымактуу баатырдыгы болуптур!

Ошентип Улуу Жеңиштин дагы бир жылдыгын майрамдадык. Азыр согуштун ардагерлери көп айылда бирден, болбосо, жок. Мына ошол байкуштарды ар убак эстеп, жардам берип, бөпөлөп турушубуз милдетибиз болсун. Анан да алаамат күндүн өзүн унутпайлы…

Автор:  Баратбай Аракеев

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here