Ар бир адам артынан туяк калтыргысы келет. Баласы анын атын өчүрбөй, тукумун улап кетишин тилейт. Ал эми эл башкарып, аты тарыхта калчу адамдардын мындай каалоосу бир топ эле күч болсо керек.
Sputnik Кыргызстан агенттиги көп балалуу дүйнө лидерлерин тизмектеп чыкты. Арасында 20дан ашык балалуулар дагы

Алмазбек Атамбаев алты уул-кыздын атасы

Президент Алмазбек Атамбаевдин алты баласы бар. Учурдагы жубайы Раиса Атамбаевага 1988-жылы баш кошкон. Экөө Кадыр аттуу уулдуу жана Алия аттуу кыздуу болушкан. Кадыр орто мектепти Бишкек шаарынан аяктап, жогорку билимди Түркиядан алган. Ошондой эле аскердик кызматты былтыр кыргыз армиясынын катарында өтөгөнү айтылат. Кызы Алия — сүрөтчү. 2016-жылы турмушка чыгып, 2017-жылдын март айында уулдуу болгон. Президенттин биринчи никесинен Сейитбек, Сейтек аттуу балдары жана Диана, Динара аттуу эгиз кыздары бар.

Тажик президентинин тогуз баласы бар

Эмомали Рахмон эки уул, жети кыздын атасы. Биринчи уулу Рустами экономика жааты боюнча билим алган. Аны менен катар «Истиклол» футбол клубунда ойногон. Экономикалык адистиги боюнча бир катар жетекчилик кызматтарды аркалап келет. Ал эми биринчи кызы Фируза «Тажик темир жолунун» жетекчиси Амонулло Хукумовдун уулуна турмушка чыккан. Экинчи кызы Озода АКШда окуп, андан соң Америкадагы Тажик элчилигинде эмгектенген. Алтынчы кызы Заррина «Шабакаи аввал» телеканалында диктор болуп иштеп жүрүп, 2013-жылы Сиевуш Зухуров аттуу спортчуга турмушка чыккан.

Рамзан Кадыров балдар үйүнөн эки бала багып алган

Чечен республикасынын президенти Рамзан Кадыров мектепте окуп жүргөндө таанышкан Медни Айдамирова атуу айылдашына баш кошкон. Ал кесиби боюнча модельер. Экөөнүн Ахмат, Зелимхан, Адам, Абдуллах аттуу уулдары жана Айшат, Карина, Хеди, Табарик, Ашура, Эйшат аттуу кыздары бар. Кадыровдордун үй-бүлөсү балдар үйүнөн 2007-жылы эки эркек баланы багып алышкан.

Трамптын үч аялынан беш баласы бар

АКШнын президенти биринчи жубайына 1977 –жылы үйлөнгөн. Экөөнүн эки уулу жана бир кызы бар. Кызы Иванка атасынын ишкерлик жана мамлекеттик иштерине аралашып, бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугуна аты тааныла баштады. Атургай анын атасына таасири күчтүү болгондуктан, АКШнын биринчи айымынын милдетин аткарат деген пикирлер айтылган. Президенттин экинчи жубайы Марла Мейплздан Тиффани аттуу кыздуу болгон. Азыркы жубайы Мелания экөөнүн Бэррон аттуу уулу бар.

Ирак президентинин алты баласынын бири чарчап калган

Ирактын президенти Масум Фуад азыркы ээлеген кызматына 2014-жылы келген. Жубайы Ронак Мустафа Абдул Вахид экөөнүн учурда беш баласы бар. Шуван аттуу алтынчы баласы чарчап калган. Балдарынын аттары: Ширин, Зозан, Шилан, Вейян жана Джуван. Джуван аттуу кызы Ирактын убактылуу өкмөтүндө Телекоммуникация министри болуп эмгектенген.

Монгол президенти 25 балага тарбия берип жатат

Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жубайы учурда 25 баланы тарбиялап жаткан кези. Анын арасынан төрт эркек бала өздөрүнүкү. Кыздуу болушкан эмес. Бирок бир топ жылдан бери ата-энеси жок балдарды өз камкордугуна алган президенттин үй-бүлөсүндө учурда 12 кыз, 9 уул тарбияланып жатат. Жергиликтүү ЖМКларга президенттин чоң үй-бүлөсүнүн сүрөттөрү көп чыгат. ( Эң башкы сүрөт дал ушул монгол президентинин балдары менен түшкөн сүрөтү)

Сауд Аравия королунун 12 мураскери болгон

Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд үч жолу үйлөнгөн. Биринчи жубайы жакын тууганынын кызы болгон. Андан беш уул, бир кызы бар. Экинчи аялынан бир, үчүнчүсүнөн беш эркектүү болгон. Бирок балдарынын экөөнүн көзү өтүп кеткен. Биринчи уулу Фахд ибн Салман 2001-жылы, экинчи уулу Ахмад ибн Салман 2002-жылы жүрөк оорусунан каза тапкан. Ал эми Султан ибн Салман аттуу ханзаада космоско учкан биринчи мусулман болуп саналат.
sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here