Ал финалда индиялык спортчу Сарита менен кез келип 6:0 эсеби менен жеңишти камсыздады.
Индияданын борбору Нью-Делиде өтүп жаткан Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Күрөш бириккен дүйнөсүнүн расмий сайтында жарыяланды

Кыргызстандык спортчу 58 килограммга чейинки салмак категориясында чейрек финалда казакстандык Гүлшахарат Талассованы 10:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Жарым финалда япониялык спорчу Кацуки Сакагами менен беттешип, аны да мөөнөтүнөн мурда таза жеңиш менен утуп чыккан.

Ал эми финалда индиялык спортчу Сарита менен кез келип, аны 6:0 эсеби менен утуп, Кыргызстандын байге куржунуна алдын медаль алып берди

Буга чейин Азия чемпионатында Самат Шырдаков менен Нургазы Асангуловдор коло медаль алышкан.
Белгилей кетсек, ушуну менен Тыныбекова экинчи ирет Азиянын чемпиону титулуна ээ болду. Бул тууралуу  Спутник жазып чыкты

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here