“Бий да болбой, Манап да болбой, Манаптын баарынын оозун караткан Кан да болбой, Куйручук болуп калганыма Кудайга ырааызмын”   (Куйручук олуя)

Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын, тарыхын таасын билген, жаакта жок чечен  Куйручук, Кудайберген уулу Өмүрзак уулу 1866-жылы 28-мартта Жумгал районунун Багышан айылында (азыркы Куйручук айылы)  туулган.  Бала кезинен эле карыпка кайрымдуу, бечерага бел, карапайым элге  тирек болгон Кудайберген (Куйручук)  чукугандай сөз таап айтканы, эл ичинде лакап катары узун элдин учуна, кыска  элдин кыйырына чейин жетип,  акылмандыгы олуячылыгы, көз ачык көрөгөчтүгү менен манасчылык, семетейчилик өнөрдү касиеттери менен аркалап, Куйручук сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Ал олуя Куйручук деген атка конгон. Бул адам 1940 –жылы 1 –майда бул жарык дүйнө менен коштошуп, кол жеткис жайга узап кетти..

Эл ичинде айтылган акылман сөздөрү Куйручук олуянын сөзү делип айтылып калды.  Бул китеп Куйручук олуянын 150 жылдык маарекесине  карата Куйручуктун туугандары , неберелери тарабынан даярдалып, белек катары чыгарылды. Автору Куйручуктун наасили Оторбаев Качкын. Бул китептин артыкчылыгы мында экен. Айтылуу олуянын буга чейин элге тарабай, Улуттук Академиянын  архивинде сары майдай сакталып турган айтыштары, санжыралары бул китепке киргизилиптир. Мына чоң артыкчылык деп ушуну айт! Далил катары китептин өзүндө берилгендерди келтирели.  Бул китептин 308-бетинде “Куйручук олуянын баа жеткис байлыктары табылды” – деген аталышта, минтип жазылат:

Куйручук  атабыздын өз колу менен жазылып жана айтылып, Кыргыз илимдер академиясынын архивине тапшырылган баа жеткис байлыктары табылды…

  1. Архив: Ордер № 180, 1938-жылы 25-26-айда жазылып алынган 149 бетен турат, баардыгы 3000 сап ыр.

-Семетей эпосунан үзүндү, “Күлчоро менен Канчорону Чынкожого жибергени”. Бул үзүндү арабча жана латынча алфавит  менен жазылган.

  1. Архив: №45 1928-жылдын 1-январынан 15-январына чейин жазылган жана архивке өткөрүлүп баары 55 бет- Куйручуктун айтыштары жана андан жыйналган материалдар деген ат менен жазылган. Айткан Кудайберген Өмүрзаков деп турат. Биз бул китепке атабыздын кошок айткандарын,  акындар менен айтышкандарын, акындар  менен болгондор  айтыштарын  кыргызчага которулгандыгынын негизинде китепке толук оргиналын бердик. Алардын мазмуну төмөндөгүчө:
  1. Сарыпбек манаптын ашында Найманбай акын менен Кудайберген акындын айтышы, 2.Бакачы катындын кошогу (Калича). 3. Кандын букасы менен жардынын букасынын сүзүшкөнү. 4. Кара жаак Калмырза акындын Куйручуктан соогат сураганы. 5.  Искан. 6. Тар заман. (Санат ыр) Арстанбектен. 7. Мукаттын (Куйручуктун баласы) ооруп жатканда айткан арманы (айтуучу Мукат өзү).  Жаш мырза (кошок) 9. Жаш ойрон. 10. Атаке (кыздын атасына кошо турган кошогу). 11. Кыздын атасынын төрүндө отурганда баш байлаган күйөөсүнүн өлүп калганда айткан кошогу.
  2. 1928-жылы арачадан кыргызчага которгон Исмат Кемпир уулу, айткан Кудайберген, Куйручук Өмүрзак уулу деп жазылып турат”

Чынында, Куйручук атабыздын жогоруда аттары аталып жазылган чыгармалары элге анчалык белгисиз эле. Бул жолу чыгып, минтип элге тарап жаткандыгы жакшы иш эмей эмне. Бул китепке мындан тышкары, автор буга чейин Куйручук олуянын элге жете элек айрым окуяларын да топтоп киргизген.  Ал бул тууралуу: “Көп материалдар Куйручук атабыздын баласы Кудайбергенов Мукамбет тирүү кезинде мен тарабынан алынганын белгилей кетейин. ”

Мындан тышкары, бул китепке айтылуу жазуучу атабыз Түгөлбай Сыдыкбеков “Акылман куудул” деген китебинен жана жазуучу атабыз чогултуп, бирок жарыкка чыгарбай архивинде сакталып  турган дагы бир нече элге анчалык белгисиз аңгеме-окуялары кириптир.

Мындан тышкары, бул китепке санжырачылар Ыйманбай уулу Ырысалы, Бексултан Арыков, жазуучу-санжырачы Жапар Кенчиевдин да Куйручук олуя тууралу жазышкан айрым эмгектери кирген экен.

2011-жылы Куйручук олуянын 145-жылдык мааракесин Жумгал эли Соң-Көлдө өтө чоң деңгээлде өткөргөн. Ал өзүнчө чоң кеп, өзүнчө тарых болуп калды. Ал мааракеде кыргыз элинин дээрлик улуттук оюндары уюштурулуп,  баш байгелерине 11 автоунаа коюлган болчу. Ал эми өткөн жылы 150 жылдыгында мамлекет көңүл деле  бурган жок. Негизи, мындай тоголок датаны мамлекет тарабынан татыктуу белгилениши керек болчу. Муну Маданият министрлигинин кемчилиги катары бааласак болот.

Бирок минтип Куйручуктун эмгектери китеп болуп байма-бай чыгып, калктын калың катмарына тарап турса, бул чоң ийгилик, чоң жетишкендик эмеспи.  Жазмакер агабызга, ушу китептин жаралышына демилге көтөрүшкөн Куйручук айылынын  Турпанов Рахат, Нааматов Эркин баштаган камчыга сап балдарына ыраазычылык билдиришибиз керек.

Мындай китептер дагы далай жарала берсин. Анткени, Куйручук олуя атабыздын өтө көп өнөрү, таңшыган таланты, олуялыгы, акындыгы, балбандыгы, сынчылыгы, манасчылыгы муундан-муунга баа жеткис мурас катары кала берерине шек жок.

Окурмандардын кулагына күмүш сырга катары айта кетерибиз. Жакынкы күндөрү биз сөз кылып жаткан “Куйручук олуя” китебинин бет ачары К. Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын 500дөй адам бата турган жаркырган чоң залында болмокчу.  Калоочуларга эшик ачык.

Баса, 2011-жылы жазуучу, акын Эркалы Өсканалы уул дагы көп жылдардан бери Куйручук атабызды иликтеп жүрүп “Кудай сүйгөн Куйручук” деген ат менен көлөмдү китеп чыгарганы жалпы журтка белгилүү. Эми жазмакер агабыз ошол чыгармасынын үстүндө дагы терең эмгектенип, роман жанры менен алымча-кошумча кылып жазып чыгыптыр. Бул да өзүнчө чоң түйшүк да. Ал өтө чоң китеп болуптур. Жакынкы аралыкта демөөрчү таап чыгарып, калса, ал китеп да колубузга тийет.

Булак: Чагылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here