Чагылган: Жакында эле Каракол шаарында 5 жылдыздуу, 7 кабаттуу кыпкыргызча  «КАРАГАТ» деген аталышта мейманкана ачылды. Белгилүү болгондой мындай көп кабатуу мейманкана борбор шаардан алыс жайгашкан айтылуу Каракол шаарында жок болчу. Бул мейманканы ачкан Марат деген ишкер мырза азамат экен. себеби, акчасы бар байлардын баары мындай кычыраган мейманкананы Бишекекке ачып жатат. Ансыз деле Бишкек мейманкана, кафе, ресторанга, супер маркеттерге толуп бүттү. Шаар араласаң, кадам сайын кездешет,  көз адашат. Андыктан, мындай заманбап, кычыраган мейманканалардын баарын эле борбор шаарга сала бербей, алыскы шаарларды, аймактарга да арбын салуу керек. Себеби, мындай мейманканалар биринчи кезекте чет жерлерден келген туристтерге зарыл эмеспи. Каракол шаары да туритсттер көп бара турган шаар. Кышында да, жайында да. Өзгөчө кышкысын алыстан эң сонун лыжа базасына эс алгандардын саны арбын эмеспи. Андыктан, бул «Карагат» мейманканасы элибизге, жерибизге келген сырткы конокторго кызмат кыла турган ак жолтой мейманкана болсун. Баса,  кыргызда жаман иттин аты бөрү басар дегендей, биздин кыргыздар ушундай бир чоң имарат салса эле, ага ат коё келишкенде дароо эле эл түшүнбөгөн чет элдердин аттарын койгонду адат кылып алышкан. Ал эми кыгыздын элге кызмат кылып, ондогон адамдарга жумуш берип, мамлекетке аз эмес салык төлөп келаткан Марат мырза мейманканага Карагат деп накта кыргызча ат коюптур. Мунун өзү жакшы эмеспи. Дагы бир айта кетчү нерсе, бул мейманкананын тамактары халал тартиби менен жалары белгилүү болду. Маалымат катары айта кетсек, буга чейин Марат мырза Чолпон-Атага Костоправа деген аталыштагы эң заманбап пансионат курган. Элге кызматк ылам дегендер, бийликке жанталашпай, ушнтип ишкерлик менен деле кызмат кыла беришет. Болбосо, көздүн жоосун алып жаткан курулуштарды куруп жаткан чоң ишкер болом десе, эчак Жогорку Кеңешке депутат болуп алмак.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here