Индонезиянын Серам аралынын жээгине 15 метрлик белгисиз жандыктын денеси сүрүлүп чыкты. Бул тууралуу Jakarta Globe басылмасы жазган.
Ал жандыкты кээ бири кальмар десе, айрымдары кит деп болжолдошууда. Алгач аны тапкан Асрул Туанакот аттуу 37 жаштагы жергиликтүү тургун, жандыкты кайыкка окшоштуруп койгон. Жандык табылганга чейин 3 күн мурун өлгөнү болжолдонууда. Анын денеси чирип баштаганда, тургундар жергиликтүү бийликтен аны жок кылууга жардам сурашкан.
Айрым гигант кальмарлардын көлөмү чоң болору жазылат басылмада. Буга чейин тинтүүрлөрүнүн узундугун эсепке алганда 16,5 метрлик кальмар табылганы маалымдалат.
«Жээкке сүрүлүп чыккан айрым жандыктардын өңүн деңиз менен убакыт таанылгыс кылып өзгөртүп коёт. Кээде эмне жандык экенин аныктоо оор болот», — деп жазылган маалыматта.
Булак.super.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here