Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков баласын Бишкек шаарындагы №5 мектеп-гимназияга киргизүү үчүн пара бергенин мойнуна алды. Бул тууралуу КСДП фракциясынын бүгүн, 12-майдагы жыйынында айтты.
Бүгүнкү жыйында өлкөдөгү мектептердин 5 күндүк билим берүү системасына өтүшү жөнүндө мыйзам долбоору каралды.
«Бир класста 40-42ден ашык окуучу бар. Мектепке балаңды киргизүү оор. Мен акча бердим. Мен! Ал эми жөнөкөй эл тууралуу эмне дейбиз?», — деди эл өкүлү.
Анын мындай билдирүүсүнөн кийин журналисттер жазып чыгарын айткан кесиптештери бул тууралуу айтпоого кеңеш беришти. Аларга Р.Момбеков: «Жаза беришсин», — деп жооп берди.
Ал эми, депутаттын бул сөзүн №5 улуттук компьютердик гимназиянын директору Муратбек Жумалиев жокко чыгарды.

М. Жумалиев

Директордун айтымында, Р.Момбеков мындан эки жыл мурун мектепке барып, өзүн Жогорку Кеңештин депутаты катары тааныштырып, баласын 1-класска кабыл алууну суранган.
«Ооба, мен аны тааныйм. Эки жыл мурун кичүү баласын 1-класска киргизүү үчүн алып келген. Учурда ал 2-класста окуп жатат. Андан башка баласы бизде 5 жылдан бери билим алат. Ал балдарын башка ата-энелер сыяктуу эле киргизген. Мага эч кандай пара берген эмес», — деди директор.
Анын айтымында, депутат ата-энелер мектепке өз каалоосу менен көрсөткөн демөөрчүлүк жардам тууралуу айтышы мүмкүн. Эл өкүлү мектептеги керектөөлөр үчүн 5 миң сомдук жардам көрсөтүүгө макул болгонун кошумчалады.
«Ал каражатты банк аркылуу ата-энелер комитетине которуп берген», — деди директор.


turmush.kg

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here